Мазмунун көрсөтүү

Эркиндикти сүйгөндөрдүн «Армада» фестивалына чогулушу

Эркиндикти сүйгөндөрдүн «Армада» фестивалына чогулушу

2013-жылдын 6-июнунан 16-июнуна чейин Франциянын түндүгүндөгү Руан деген кеме токтоочу жайда өткөрүлгөн «Армада» деп аталган салтанаттуу чоң фестивалга дүйнөнүн чар тарабынан миллиондогон адамдар чогулушту.

Асман тиреген алп кемелер көздүн жоосун алган Нормандиядагы ийру-буйру келген Сена дарыясы менен 120 километр сүзүп отуруп, атайын фестиваль өткөрүүгө даярдалган, 7 километрге созулган жерге келип, кеме казыктарын ташташты. Алыстан келгендер он күндүн ичинде ошол укмуштуудай бийик 45 кеменин жана жел кайыктардын үстүнө чейин чыгып, аларды жакыныраак көрө алышты.

Ар кандай курактагы адамдардын «Армада» фестивалына чогулушуна эмне себеп болгон? Ошол фестивалды уюштурган жана негиздеген кишинин айтуусу боюнча, бул майрам аларды ар кандай кыялдарга жетелеген «„Деңиз алптарына“ жакын болууга» шарт түзөт. Чын-чынында, жаш-курагы ар кандай болгон ал адамдар алыскы саякаттарды, көптөр эңсеген эркиндикти эске түшүрүш үчүн ошол килейген кемелерди көргөнү келишет.

Фестивалга келген миңдеген кишилер Ыйык Китептеги чындык ээ кыла турган башка эркиндик жөнүндө да уга алышты (Жакан 8:31, 32). Орто кылымга таандык Руан портунда жана анын элге жык толгон көчөлөрүндө саякаттап жүргөндөр көчмө текчелерди коюп жакшы кабар жарыялаган Жахабанын Күбөлөрүн байкабай койгон жок. Жахабанын Күбөлөрү текченин жанына келген туристтерге жана кемечилерге Ыйык Китепке негизделген адабияттарды сунуштап, аларды акысыз ала аларын айтып жатышты. Көптөрдү, өзгөчө, «Күзөт мунарасы» журналына чыккан «Эч ким бөлүнбөй турган заман келеби?» деген макала кызыктырды. Жахабанын Күбөлөрү кызыккандарды француз, англис, испан тилинде айтыла турган, Ыйык Китепке негизделген баяндаманы угуп кетүүгө чакырышты.

Жергиликтүү тургундар Жахабанын Күбөлөрүнүн ушундай ыкманы колдонуп жатканына ыраазычылыгын билдиришти. Мисалы, бир киши көчмө текчени коюп алып көчөдө турган Жахабанын Күбөлөрүн биринчи жолу көргөндө: «Силерди көрүп аябай сүйүнүп жатам. Өзүм силер ишенген нерселерге кошулбасам да, ишенимин жактаган силердей адамдарды аябай сыйлайм»,— деген. Ал эми улгайып калган эки киши жаш Жахабанын Күбөлөрүнүн көчмө текчени колдонуп кабар айтып жатканын көргөндө: «Ушундай ишке катышып жатканыңар үчүн сыймыктансаңар болот!» — деп айткан.