Мазмунун көрсөтүү

Ботсванадагы көргөзмөгө коюлган бриллианттын башка түрү

Ботсванадагы көргөзмөгө коюлган бриллианттын башка түрү

Дүйнө жүзү боюнча эң көп алмаз казылып алынган Ботсванадагы Жахабанын Күбөлөрү 2016-жылдын 22—28-августунда өткөн көргөзмөгө чогулган кардарларга бриллианттын башка түрүн сунуш кылышкан. Алар тиккен чатырга Ыйык Китепке негизделген адабияттар коюлуп, үй-бүлөнү бекемдөөгө үндөгөн тасмалар көрсөтүлгөн. Ошондой эле jw.org веб-сайты менен тааныштырышкан.

Алардын чатырына келген ата-энелер менен балдарга Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгонго түрткү берген «Жахаба Кудай менен дос бол» деген мультфильм аябай жаккан. Мультфильмдердин айрымдары Ботсвананын мамлекеттик тили болгон сетсвана тилине которулгандыктан, көптөр аларды каяктан жүктөп алса болоруна кызыгышкан.

Өлкөнүн чар тарабынан келгендер 10 000ге жакын адабият алып, 120 киши Ыйык Китепти акысыз изилдегиси келерин билдирген. Англис жана сетсвана тилдериндеги жыйналыштардагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ийиндеш туруп кызматташып жатканына көптөр аябай таң калышкан.

Көргөзмөнү уюштургандар тигилген чатырларга жана коюлган нерселерге баа берип, Жахабанын Күбөлөрүнө эң жогорку сыйлык ыйгарышкан.