Мазмунун көрсөтүү

Жакшы кабар кемечилерге жарыяланууда

Жакшы кабар кемечилерге жарыяланууда

Айрым эсептөөлөргө ылайык, дүйнө жүзүндө бир жарым миллион кемечи бар. Алар тынбай бир жерден экинчи жерге сүзүп жүрө беришкендиктен, мүмкүн болушунча көбүрөөк кемечиге жакшы кабар айтыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү аларга кабар айтуунун жолдорун табышкан. Кеме жайга кеме келип токтогондо атайын даярдыктан өткөн Жахабанын Күбөлөрү барып, Ыйык Китепти акысыз изилдөөнү сунуш кылышат. Ошондой эле кеменин капитандарына жана кемеде иштеген башка кишилерге алар каалаган тилде адабият сунушташат.

Кемечилер кабарга кулак кагып жатышабы? Канаданын Ванкувер шаарындагы кеме жайда кабар айткан Стефано мындай дейт: «Көптөр кемечилердин баары орой, катаал кишилер деп ойлошот. Эми, айрымдары эле ошондой болбосо, көпчүлүгү момун, билим алууга дилгир келет. Көбү Кудайга ишенет жана ага жаккысы келет. Ошон үчүн бизди дайыма жылуу тосуп алышат». Жахабанын Күбөлөрү 2015-жылдын сентябрь айынан 2016-жылдын август айына чейин бир эле Ванкувер шаарында кемелерге 1 600дөн көп жолу барып, кабар айтышкан. Кемечилер ар кайсы тилде миңдеген адабияттарды алышкан. 1 100дөн ашууну Ыйык Китепти изилдей баштаган.

Кемечилер менен Ыйык Китепти изилдөө кантип уланууда?

Жахабанын Күбөлөрүн дүйнөнүн ар кайсы жагындагы кеме жайлардан жолуктурууга болот. Андыктан Ыйык Китепти андан ары изилдегиси келген кемечилер кийинки токтой турган кеме жайга Жахабанын Күбөлөрүнүн келишин сурана алышат. Алсак, 2016-жылдын май айында Ванкувердеги Жахабанын Күбөлөрү жүк ташыган кемеде башкы ашпозчу болуп иштеген Варлито деген кишиге кабар айтышкан. Алар ага «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» деген тасманы көрсөтүп, «Кудайдан келген жакшы кабар» деп аталган китепче менен Ыйык Китепти изилдей башташкан. Варлитого мындай изилдөө абдан жагып, андан ары улантууну каалаган. Бирок ал иштеген кеме Бразилиянын Паранагуа деген алыскы кеме жайына барып токтомок экен.

Ошентип, ал кеме Паранагуанын кеме жайына келип токтогон. Бир ай өтүп өтпөй эле бразилиялык эки Жахабанын Күбөсүнүн анын атын айтып, кеме жайга издеп келгенин көргөндө Варлито ишене албай туруп калган. Алар Ванкувердеги ишенимдештеринин Варлитого барып коюшун суранганын айтышкан. Варлито бразилиялык Жахабанын Күбөлөрүнүн келгенине аябай сүйүнүп, Ыйык Китепти андан ары изилдешине кам көрүлгөнүнө ыраазычылык билдирген. Анан кийинки кеме жайга да Жахабанын Күбөлөрүнүн келишин каалаарын билдирген.