Жахабанын Күбөлөрү сан жагынан дүркүрөп өсүүдө
Мурда Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү болгон Лайман Суингл 1987-жылы Валенсиядагы (Венесуэла) Плаза Монументал деген аренага чогулган 63 580 кишинин алдында сөз сүйлөгөн. Анын баяндамасын угуу үчүн алардын көбү автобус менен түнү бою жол жүрүп келишкен. Ошол калың элге кайрылып, Лайман бир тууган мындай деген: «Силер эми чакан филиал эмес, орточо филиал болуп калдыңар. Менин оюмча, күндөрдүн бир күндөрүндө силер жарчылардын саны 100 000ге жеткен өлкөлөрдүн катарына кошуласыңар!»
1987-жылы Венесуэлада Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуу жарыялаган жарчылардын саны 38 000ден ашкан. Ошол кезде жарчылардын саны 100 000ден ашкан 8 эле өлкө бар болчу.
Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзү боюнча күн санап өсүп жатканы таң калтырбай койбойт. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Падышалык жөнүндө кабар тараткан бир нече эле миң Жахабанын Күбөсү бар болчу. Бирок көп өтпөй эле алардын саны дүркүрөп өскөн. Алсак, Жахабанын Күбөлөрүнүн 1943-жылдын «Жылдык китебинде» мындай деп жазылган: «1942-жылдын жалпы отчётунан, байланыштын жоктугунан улам толук болбой калса да, кабар айтуу иши жемиштүү болгону көрүнүп турат... Себеби дүйнө жүзү боюнча [кабар атуу ишине катышып] отчёт тапшырган жарчылардын саны 106 000ден ашты». Атүгүл Экинчи дүйнөлүк согуш күч алып турган жылдары да Ыйык Китептеги кабарга кулак каккандар арбын болчу. 1950-жылы Кошмо Штаттарда эле жарчылардын саны 100 000ден ашкан.
Жарчылардын саны 100 000ге жеткен өлкөлөрдүн катарына экинчи болуп 1974-жылы Нигерия кошулган.
Кийинки жылы Бразилияда жана Германияда Жахабанын Күбөлөрүнүн саны 100 000ден ашкан. Төрт континентте болгон мындай өсүш Ыйык Китептеги чындыкка адамдардын дүйнө жүзү боюнча тартылып жатканынан кабар берген.
Бүт жер бетинде жакшы кабарга кулак каккандар барган сайын көбөйгөн. Бул — Ыйык Китептеги: «Аздан миң, кичинеден күчтүү эл чыгат. Мен, Жахаба, муну өз убагында тездетем»,— деген пайгамбарлыктын аткарылып жатканынын далили (Ышая 60:22).
2014-кызмат жылынын отчётуна ылайык, Жахабанын Күбөлөрүнүн саны 100 000ден ашкан өлкөлөр 24кө жеткен. Алардын ичинде Венесуэла да бар. Ал өлкө жарчылардын саны 100 000ден ашкан өлкөлөрдүн катарына 2007-жылы кошулган. Учурда дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрүнүн 115 416 жыйналышы бар жана жарчылардын саны 8 201 545ке жетти.
Континент |
Өлкө |
Жарчылар |
---|---|---|
Африка |
Ангола |
108 607 |
Конго Демократия Республикасы |
216 024 |
|
Гана |
125 443 |
|
Нигерия |
362 462 |
|
Замбия |
178 481 |
|
Азия |
Жапония |
215 703 |
Корея Республикасы |
100 641 |
|
Филиппин |
196 249 |
|
Европа |
Британия |
138 515 |
Франция |
127 961 |
|
Германия |
166 262 |
|
Италия |
251 650 |
|
Польша |
123 177 |
|
Орусия |
171 268 |
|
Испания |
112 493 |
|
Украина |
150 906 |
|
Түндүк Америка |
Канада |
116 312 |
Мексика |
829 523 |
|
Америка Кошмо Штаттары |
1 243 387 |
|
Түштүк Америка |
Аргентина |
150 171 |
Бразилия |
794 766 |
|
Колумбия |
166 049 |
|
Перу |
123 251 |
|
Венесуэла |
140 226 |