Мазмунун көрсөтүү

JW.ORG сайтын жарнамалоо боюнча жүргүзүлгөн бүткүл дүйнөлүк өнөктүктүн жыйынтыгы

JW.ORG сайтын жарнамалоо боюнча жүргүзүлгөн бүткүл дүйнөлүк өнөктүктүн жыйынтыгы

2014-жылдын август айында Жахабанын Күбөлөрү бүт дүйнө жүзүндө адамдардын көңүлүн jw.org сайтына бурган баракча таратышкан. Натыйжада август айында веб-сайтыбызга 65 миллионго жакын киши кирген. Мындан сайтка кызыккандардын саны мурункуга караганда 20 пайыздан жогору болгонун көрүүгө болот. Ошондой эле сайт аркылуу Ыйык Китепти акысыз изилдегиси келерин билдирген адамдардын саны мурунку айга караганда 67 пайызга жогорулап, дээрлик 10 000ге жеткен. Өнөктүктүн аркасында жакшы кабарды жердин булуң-бурчундагы адамдар уга алышкан.

Жашоодогу маанилүү суроолорго жооп издегендерге жардам

Канадада жашаган бир ишенимдешибиз өнөктүк учурунда лифттен Мадэлэн деген аялга «Маанилүү суроолордун жообун кайдан тапса болот?» деген баракчаны көрсөтүп, кабар айткан. Мадэлэн түндө эле үйүнүн балконуна чыгып, ушу сыяктуу суроолоруна жооп алууга жардам беришин сурап Кудайдан тиленгенин айткан. Ал Ыйык Китепти изилдегиси келерин билдирип, бир нече чиркөөгө телефон чалыптыр, бирок эч кимиси кайра чалбаптыр. Көп өтпөй Мадэлэн Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган.

Ыйык Китепти такыр билбегендерге жардам

Филиппинде жашаган Роинэ деген ишенимдешибиз тез татым кафесинин алдында турган бир кытай кишиге кабар айткан. Ал ага баракча берип, Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептен билим алгысы келгендерге жардам бере аларын түшүндүрүп берген.

Ал киши Ыйык Китепти мурда эч көрбөгөнүн айткан. Экөө пикирлешкенден кийин ал Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйынына барып көрүүнү чечкен. Жыйынга баргандан кийин Ыйык Китеп тууралуу көбүрөөк билгиси келип калганын жана аны сайтыбыздан жүктөп алууну ойлонуштуруп жатканын билдирген.

Кулагы укпаган адамдарга жардам

Жахабанын Күбөсү болгон Гильермонун кулагы укпайт. Ал бир жолу мурун чогуу окуган Хорхэ аттуу кулагы укпаган классташына кезигип калган. Хорхэ ага апасы каза болуп калганын жана түйшөлткөн көптөгөн суроолоруна жооп таба албай жүргөнүн айткан. Гильермо ага баракча берип, jw.org сайтында жаңдоо тилинде көп маалымат бар экенин жана ал жактан суроолоруна жооп ала аларын түшүндүргөн. Анан аны Падышалык залында өтө турган жыйналыш жолугушуусуна чакырганда, Хорхэ жыйналышка барган. Падышалык залынан 60 километр алыс жашаганына карабай, ал ошондон тартып жыйналышты калтырбай бара баштаган.

Алыскы аймактарда жашагандарга жардам

Көп чыгым болгонуна карабастан, Гренландияда жашаган эки үй-бүлө кичинекей кайык менен 6 саат жол жүрүп, 280 киши жашаган аймакка барышкан. Ал жактан алар кабар айтып, баракчаларды таратышкан жана jw.org сайтынан гренланд тилиндеги видеотасманы көрсөтүшкөн. Ошондой эле бир жубайлар менен Ыйык Китепти изилдей башташкан. Учурда алар менен жумасына эки жолу телефон аркылуу изилдеп жатышат.

Мындай иш-аракеттер Четки Түндүктө эле болгон эмес. Никарагуадагы Жахабанын Күбөлөрү да маянгна тилинде сүйлөгөн кишилерге баракча таратуу үчүн Кариб чытырман токоюна барууну чечишкен. Алар көздөгөн жерине жетиш үчүн уңкур-чуңкуру толтура жолдо калдыраган автобус менен 20 саат токтобой жол жүрүшкөн. Автобустан түшкөндөн кийин да айрым жерлерде эзилген ылайга батып, 11 саат жөө басышкан. Ал жакка жеткенде көптөгөн баракчаларды таратышкан. Андан сырткары, маянгна тилиндеги видеотасманы көрсөтүшкөндө, ал аймактын тургундары бир чети таң калып, бир чети абдан кубанышкан.

Эстела деген ишенимдешибиз Бразилиядагы Амазонка нымдуу токоюндагы чакан шаардан бир кишиге баракча бергенде, ал баракчаны анча көңүлдөнбөй алып, чөнтөгүнө салып койгон. Ал киши кайык менен үйүнө кайтып баратканда, кайыгынын мотору өчүп калып, суунун ортосунда калып калган. Жардам бере тургандарды күтүп отуруп, чөнтөгүндөгү баракчаны окуп чыккан. Анан телефонунан jw.org сайтына кирип, бир нече макаланы окуп, видеотасмаларды жүктөп алган. Ошондон бир нече күн өткөндөн кийин ал киши Эстеланын жолдошуна жолугуп, баракча бергени үчүн Эстелага ыраазычылыгын билдирип коюшун суранган. «Суунун тең ортосунда калып калганда, ошол макалаларды окуганымдын аркасында, мени алып кете турган кайык келгиче, көп тынчсызданбай, алаксып отурдум,— дейт ал.— Балдарыма Медер жөнүндөгү мультфильм аябай жакты. Мен мындан ары да jw.org сайтына кирип турам».