Мазмунун көрсөтүү

Венгриядагы Жахабанын Күбөлөрү көмөк көрсөткөнү үчүн макталды

Венгриядагы Жахабанын Күбөлөрү көмөк көрсөткөнү үчүн макталды

2013-жылдын июнь айында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Борбордук Европаны суу каптаган. Дунай дарыясынын көлөмү Венгриянын тарыхында болуп көрбөгөндөй деңгээлге көбөйгөн.

Ошондой өзгөчө оор кырдаалда Венгриянын Адам ресурстары боюнча министрлиги Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү филиалынан суу каптоого каршы чара көрүүгө жардам беришин сурап кайрылган. Филиал Дунай дарыясына караштуу аймактагы жыйналыштарды жергиликтүү бийлик уюштурган иш-чарага катышууга чакырган.

Жардам берүүгө күтүлгөндөн алда канча көп бир тууган келген. Алсак, ал ишке жалпы жонунан 72 жыйналыштан 900дөн ашуун бир тууган катышкан. Алардан «Жахабанын Күбөлөрү» деген жазуусу бар жана аты-жөнү, кайсы шаардан келгени жазылган көкүрөк көрнөкчө тагынып жүрүшүн суранышкан.

Бир шаарда Венгриянын «Кызыл крест» коомунун өкүлү Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарынын бирине мындай деп кат жазган: «Силердей болуп биримдикте, жан-дилден эмгектенген адамдарды чанда эле кезиктирүүгө болот. Жолдун алыстыгына карабай келип, жардам бергениңер үчүн силерге урмат-сый менен кайрылып, ыраазычылык билдиргибиз келет. Силер тууралуу шаардагылардын баарынын билишин каалайм!»

Андан сырткары, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берген уюмдун төрагасы, Венгрия парламентинин мүчөсү Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү филиалына ыраазычылык катын жөнөткөн.