Мазмунун көрсөтүү

Италиядагы Жахабанын Күбөлөрү кошуна-колоңдоруна жардам беришти

Италиядагы Жахабанын Күбөлөрү кошуна-колоңдоруна жардам беришти

2016-жылдын ноябрь айынын аяк ченинде Италиянын түндүк жагында жаан катуу жаап, Монкальери шаарынын түштүк тарабындагы айылдардын айрымдарын суу каптап калган. Айрым жерлерде суунун бийиктиги жарым метрден ашкан. Бир гезитте: «Суу эч кимди, эч нерсени аяган жок»,— деп жазылган. Жергиликтүү бийлик 1 500дөй тургунду дароо башка жакка көчүргөн. Куткаруучулардын ыкчам иш-аракетинин аркасында эч ким өлүмгө дуушар болгон эмес. Бирок көптөр үй-жайынан, мүлкүнөн айрылган.

Бирдикте жардам көрсөтүлгөн

Жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү дароо топ-топ болуп уюшуп, жардам көрсөтүүгө киришишкен. Алар кырсыктан жапа чеккендердин үйлөрүн ылайдан, акыр-чикирлерден тазалап, сактоого мүмкүн болгон эмеректерин, буюм-тайымдарын алып чыгышкан. Муктаж болгондорго жардам көрсөтүш үчүн керектүү шаймандарды, ысык тамак алып келаткан Жахабанын Күбөлөрүнө бийликтегилер тосмо коюлган жерден өтүүгө уруксат беришкен. Жахабанын Күбөлөрү жапа чеккен ишенимдештерине да, башка динди туткандарга да жардам көрсөтүшкөн.

Көп кабаттуу бир үйдүн жер төлөсүн толугу менен суу каптап калган. Өкмөттүк куткаруу кызматы насос менен сууну сордургандан кийин, Жахабанын Күбөлөрү жабылып келип, ошол үйдө жашаган Антонио деген ишенимдешинин жер төлөсүн ылайдан, акыр-чикирден тазалап беришкен. Анан ошол кабаттуу үйдүн башка тургундарына да жардам көрсөтүшкөн. Алар узун чынжырдай болуп тизилип туруп алышып, бир нече сааттын ичинде эле жер төлөнү таптаза кылып коюшкан. Буга баары ыраазы болушкан. Ошол үйдө жашаган Вивиана деген аял ыраазы болгонунан көзүнө жаш алып, Антонионун жубайына: «Бизге жардам берген бир туугандарыңарга рахмат айтып койгулачы. Силер чын эле башкача экенсиңер!» — деген.

Суу каптоодон катуу зыян тарткан бир айылда жапа чеккендерге жардам берген Жахабанын Күбөлөрү элдин көзүнө урунбай койгон эмес. Алардын кантип иштеп жатканына таасирленген айрым тургундар жардам берүү ишине өз ыктыяры менен катышып, топту жетектеген бир туугандын көрсөтмөлөрүнө даярдуулук менен баш ийишкен.

«Теңдешсиз жардам» үчүн ыраазычылык

Бир кишинин үйү катуу зыянга учурап, гаражына баткак толуп калган. Ал сегиз Жахабанын Күбөсүнүн анын гаражын тазалаш үчүн 4 саат бою тыным албай иштегенин көрүп, аябай таң калган. Ушунчалык ыраазы болгонунан бир туугандардын айрымдарын кучактап жиберген жана социалдык тармактарга аларга «теңдешсиз жардам» бергени үчүн ыраазы экенин жазган.

Бир Жахабанын Күбөсү мындай деген: «Биз Жахабанын Күбөсү болбогон бир нече адамга жардам бердик. Алардын көбү 80ден ашып калгандар болчу. Бизге ыраазычылыгын билдирип жатканда айрымдарынын көзүнөн жаш тегеренип кетти». Жергиликтүү католик чиркөөсүн жигердүүлүк менен колдогон бир киши Жахабанын Күбөлөрүнө жардам көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылык билдиргенден кийин мындай деп кошумчалаган: «Ар кайсы динди тутканыбызга карабай, бир-бирибизге кол сунуп, жардамга келип жатканыбызды көрүп, аябай сүйүндүм». Дагы бир киши: «Элдин башкаларга берген жардамыңарды байкабай, жекшемби күндөрү таң атпай кабар айтканыңарга эле көңүл топтоп алганына кейийт экенсиң»,— деп айткан.