Мазмунун көрсөтүү

«Тур де Франс» учурунда жубатарлык кабар жарыяланды

«Тур де Франс» учурунда жубатарлык кабар жарыяланды

2016-жылдын 2—24-июлунда Францияда «Тур де Франс», дүйнө жүзүнө белгилүү болгон веложарыш, өткөрүлгөн. Бул 103-жарышта эл коркуп, кооптонуп турган. Себеп дегенде өткөн жылы Францияда бир нече террордук чабуул болуп, жалпы эсептегенде, 100дөн ашык киши набыт болгон. Ал эми 2016-жылдын 14-июлунда Ницца шаарында өткөн улуттук майрамда жүк ташуучу машине айдаган бир террорчу фейерверк көрүп жаткан топ элди сүзгөн. Натыйжада 86 киши каза болуп, көптөр жаракат алган.

Франциялыктардын үрөйүн учуруп, кайгыга салган ушундай оор учурда Жахабанын Күбөлөрү жубатарлык, үмүт берерлик кабарды жарыялашкан. Алар «Тур де Франстын» бир этабы бүтүп, экинчи этабы башталган жерлерге адабият текчелерин коюшкан. Бул ишке катышкан 1 400дөн ашык Жахабанын Күбөсү жашоодогу маанилүү суроолорго жооп алгысы келген кишилерге Ыйык Китепке негизделген 2 000ден ашуун адабият таратышкан.

«Бардык жерде кабар айтат экенсиңер»

Веложарышка катышкандарды ээрчип улам бир шаарга өтүп келаткан күйөрмандар Жахабанын Күбөлөрүнүн көп жерде кабар айтып турганын көрүшкөн. «Тур де Франсты» уюштурууга катышкандардын айрымдары Жахабанын Күбөлөрүн ишин уюшкандыкта аткарып, «жарыштын ар бир этабы башталган жерлерде кабар айтып турушканы» үчүн көп жолу макташкан. Көптөгөн күйөрмандар: «Жахабанын Күбөлөрү биякта да турушат!» — деп сүйүнө айтышкан. Жарыш башталгандан бир нече күн өткөндөн кийин бир автобустун айдоочусуна баракча сунушташканда, ал сылыктык менен баш тартып, ага чейин 4 баракча алганын айткан.

Жахабанын Күбөлөрүнүн бүт жерде кабар айтып турганына аябай таң калгандыктан да өмүрүндө биринчи жолу адабият алгандар болгон. Мисалы, спорт жаңылыктарынан жарышты көрсөтө турган телевидениеде иштеген бир киши мурунку жылы да «Тур де Франста» Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтып турганын көрүптүр. Бирок бул жолу адабият текчесине барып көрөйүн дептир. Ал үй-бүлөгө байланыштуу маалыматка аябай кызыккандыктан, адабият текчесинен «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» деген китепти алыптыр. Машинесине барып китепти бир аз окугандан кийин кесиптештерине айтыптыр. Алар да адабият текчесине барып, ар кандай темадагы адабияттарды алышыптыр.

Үмүт берерлик кабар жарыялаган ишеничтүү эл

Жарышты көргөнү келгендердин айрымдары Жахабанын Күбөлөрүн атайын издеп келип, ичиндегисин айтып беришкен. Бир кыз жакшыдан үмүтү үзүлүп, өмүрүн кыйгысы келип жүргөнүн жана так ошол күнү поезддин астына боюн таштайм деп чечкенин айтып берген. Бирок ал Кудайдын Падышалыгы башкарганда жашоонун канчалык сонун болоруна байланыштуу Ыйык Китептеги үмүт жандырарлык кабарды укканда жубанып, оюнан кайткан. Дагы бир аял: «Ушул ишиңерди токтотпой, уланта бергиле»,— деген.

Бейтааныш кишилерге көп ишене бербей турганын мойнуна алган, балдак таянган бир киши адептүү, тыкан кийинген бир Жахабанын Күбөсүнүн жардамын кабыл алган. Ал: «Адептүү кийинип, жылмайып сүйлөгөнүңүзгө рахмат. Ишеничтүү киши экениңиз көрүнүп турат»,— деп айткан.