Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү карылар үйүндөгүлөргө үмүт берген кабар жеткирүүдө

Жахабанын Күбөлөрү карылар үйүндөгүлөргө үмүт берген кабар жеткирүүдө

Австралияда, башка өлкөлөрдөгүдөй эле, улгайган кишилердин саны өсүүдө. Алардын айрымдары карылар үйүндө жашашат. Карылар үйүндө иштегендер алардын ден соолугуна кам көрүп, күн сайынкы иштерин аткарууга жардам беришет.

Албетте, карылар үйүндөгүлөрдүн көбү мындан башка да нерселерге муктаж. Алардын зериккен, жалгызсыраган, өздөрүн алсыз сезген учурлары болот. Жахабанын Күбөлөрү Виктория штатынын (Австралия) Портленд шаарындагы эки карылар үйүнө жума сайын барып, үмүт берген, жубаткан кабарды айтып турушат.

Карылардын рухий муктаждыгын канааттандырган кабар

Жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү карылар үйүндө жашаган адамдар менен жолугуп, Ыйык Китепке негизделген темаларды, анын ичинде Исанын жашоосунда болгон өзгөчө окуяларды талкуулашат. «Биз улгайгандар менен чогуу Ыйык Китептен бир билдирүүнү окуйбуз, анан ошону талкуулайбыз»,— дейт Жейсон. Карылардын көбүнүн ден соолугу аябай начар болгондуктан, Жахабанын Күбөлөрү аларга үмүт берерлик кабарды, Кудайдын оору менен өлүмдү жок кылары жөнүндөгү убадасын, айтып берип, жубатышат жана талкуу жүргүзүшөт.

Тони атуу жергиликтүү Жахабанын Күбөсү мындай дейт: «Башында жарым саат эле сүйлөшчүбүз, бирок карылар алар менен көбүрөөк убакыт өткөрүшүбүздү суранышты. Ошондуктан азыр талкуубуз бир сааттай убакытка созулат. Бир апа атүгүл эки саатка чейин сүйлөшкүсү келерин айтты». Карылардын айрымдарынын көзү көрбөгөндүктөн, төшөктө жаткандыктан же колуна бир нерсе кармай албагандыктан, Жахабанын Күбөлөрү талкуу учурунда аларга жардам берип, мүмкүнчүлүгүнө жараша талкууга катышууга үндөшөт.

Жахабанын Күбөлөрү ар бир барган сайын карылар менен чогуу Кудайды даңктаган бир нече ыр ырдашат. Бул карыларга аябай жаккандыктан, дагы көбүрөөк ыр ырдоону суранышат. Карылар үйүндө жашаган Жон * мындай дейт: «Силердин ырларыңарды аябай жакшы көрөм. Алар Кудайды жакшыраак билгенге жана аны урматтаганга өбөлгө түзөт». Ал эми Жудит деген көзү көрбөгөн бир апа өзүнө жаккан ырлардын баарын жаттап алган.

Жахабанын Күбөлөрү карылардын ар бирине жекече көңүл бурат. Ал жакка өз ыктыяры менен барып жардам берген Брайэн мындай дейт: «Карылардын айрымдары сыркоолоп талкуу өтө турган жерге келе албай калса, биз алардын бөлмөсүнө барабыз. Алардын ал-акыбалын сурап, сүйлөшүп отурабыз. Кээде ооруп калгандардын ал-жайын билиш үчүн башка күнү барабыз».

«Силерди бизге Кудай жиберди»

Жахабанын Күбөлөрүнүн барып турганын карылардын көбү аябай баалайт. Талкууга жума сайын катышкан Питер: «Мен силерди чыдамсыздык менен күтөм»,— дейт. Жудит болсо карылар үйүндө иштегендерге: «Бүгүн шаршемби да! Ыйык Китепти талкуулаган жолугушуу болот. Мага даяр болгонго жардам бергилечи. Кечикпей барайын»,— деп айтат экен.

Карылар үйүндөгүлөргө Ыйык Китептен билгендери аябай жагат. Алар өздөрүн Кудайга мурункудан жакын болуп калганын сезип жатышат. Иса пайгамбардын насааттарынын бирин талкуулагандан кийин Роберт деген бир карыя: «Ыйык Китептеги ушул аяттарды мурун такыр түшүнчү эмесмин. Эми, баары түшүнүктүү болду»,— деген. Дейвид тиленүүнүн абдан маанилүү экенин билгенден кийин мындай деген: «Тиленүү мага Кудай менен ынак мамиле түзгөнгө жана аны тирүү Кудай катары кабыл алганга жардам берди».

Карыларга Ыйык Китептеги келечекке байланыштуу үмүт берерлик кабар өзгөчө жагат. Лайнетт Жахабанын Күбөлөрүнө: «Ыйык Китептеги жубатарлык кабар менен бөлүшүп жатканыңарга рахмат»,— деп айткан. Дагы бир апа: «Силерди бизге Кудай жиберди»,— деген.

Маргаретке талкуу ушунчалык жаккандыктан Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү Падышалык залында өткөн жолугушууга дайыма барып турат. Ден соолугу аябай начар болгондуктан жана жакшы баса албагандыктан ага жыйналышка баруу үчүн көп күч жумшоого туура келет. Ал Жахабанын Күбөлөрүнө: «Силер келе баштагандан бери үмүтүбүз жанданып калды»,— деп айткан.

«Аябай жакшы иш кылып жатасыңар»

Карылар үйүндө иштегендер да Жахабанын Күбөлөрүнө абдан ыраазы. Анна, жергиликтүү Жахабанын Күбөсү, мындай дейт: «Карылар үйүндө иштегендер жолугушуудан кийин карылардын маанайы көтөрүлүп калганын байкагандыктан, аларды талкуу өткөрүлгөн жолугушууга барганга үндөп турушат». Жогоруда айтылган Брайэн мындай деп кошумчалайт: «Карылар үйүндө иштегендер Жахабанын Күбөлөрүн жылуу тосуп алышат, кызматташканга даяр. Кылышы керек болгондон да көптү кылышат».

Карыларга талкуунун жакшы таасир этип жатканы алардын жакындарына да байкалууда. Карылар үйүндө жашаган бир аялдын кызы Жахабанын Күбөлөрүн мактап: «Силер апама келип, аябай жакшы иш кылып жатасыңар»,— деп айткан.

^ 7-абз. Карылар үйүндө жашагандардын ысымы өзгөртүлдү.