Мазмунун көрсөтүү

«Айымдардын курулуш ишиндеги орду»

«Айымдардын курулуш ишиндеги орду»

Британиядагы беделдүү курулуш уюму Жахабанын Күбөлөрүн айымдарды чоң курулуш машинелерин айдаганды жана башкарганды үйрөтүп жатканы үчүн мактаган. Челмсфорддон (Эссекс) анча алыс эмес жерде жаңы филиалды курууда кыз-келиндер чоң салым кошууда. «Консидерит констракшн ским» * (ККС) Жахабанын Күбөлөрүнүн айымдарды курулуш ишине окутуп-үйрөтүү ыкмасына 10 балл деген эң мыкты баа берген жана аны «жаңы ыкма» деп сыпаттаган. Алар эмнеден улам ушундай жогору баа беришкен?

Британияда куруучулардын 13 пайыздан азыраагын аялдар түзөт. Британиядагы бир фирма жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, жаш кыз-келиндердин айрымдары гана курулуш компанияларына жумушка орношкусу келет. Ал эми Челмсфорддо жүрүп жаткан курулуш ишине катышкандардын 40тай пайызын айымдар түзөт. Оор курулуш машинелерин башкарган топторду ала турган болсок, алардын 60 пайыздан көбү — кыз-келиндер.

Челмсфорддогу курулушта эркектер менен бирге айымдар да эмгектенүүдө

Жахабанын Күбөсү болгон ал айымдарга ишин ийгиликтүү аткарууга эмне жардам берет? Жакшы окутуу жана колдоо көрсөтүп туруу. Бул эки нерсе ККСтин да талаптарына шайкеш келет. Ошол уюмдун талабы боюнча, куруучулар курулуштагы ар бир кишини урматтап, аял-эркек деп бөлбөй, тең мамиле кылып, колдоо көрсөтүп, окутуп-үйрөтүп, алардын эмгегин жогору баалай турганын билдириши керек.

Айымдарды чоң курулуш машинелерин башкарууга үйрөтүү

Экскаваторду жана жүк ташуучу чоң машинени айдаганды үйрөнгөн Жэйди деген бир айым мындай дейт: «Өзүмө-өзүм ишенбей кетем. Ушундай машинелерди айдайм деп эч качан ойлогон эмесмин. Албетте, кээде кыйын болот, бирок мени дайыма окутуп-үйрөтүп турушат. Дайыма жаңы нерселерди билип турам». Люси да, Жэйдидей болуп, чоң курулуш машинесин айдайт. Ал мындай дейт: «Курулушка эч кандай адистигим жок эле келгем. Мени келген күндөн тартып эле окутуп-үйрөтө башташты. Ошондон бери беш башка топ менен иштедим. Ар бир топ мени көп нерсеге үйрөттү».

Окутуп-үйрөтүү иши жүрүп жатат

Курулуш тобундагы кыз-келиндер аябай жөндөмдүү. Алар машине айдагандан да көптү кылышат. Курулуш тобун жетектеген Эрик деген бир киши мындай дейт: «Айымдар эркектерге караганда машинелерди жакшыраак урунушат. Бир жери бузулуп жатканын байкаса, дароо билдиришет».

Курулушта иштеген айымдарды колдоп туруу

Чоң курулуш машинелерин айдагандардын бир нече тобун жетектеген Карл деген киши: «Кыз-келиндердин машинелерди айдаганды жакшы өздөштүрүп алганына таң калам. Кээде кайсы бир жумушту аткарууга машине айдоо жагынан бир нече жылдык тажрыйбасы бар эркектерди эмес, кыз-келиндерди тандайм»,— дейт.

Пластик түтүктөрүн бириктирген шайманды иштетип жатат

Курулуш тобун жетектегендер тобундагыларын колдоп-кубаттап турса, алар өздөрүн ишенимдүү сезишет. Муну чоң курулуш машинелери менен иштөө жагынан бир топ тажрыйбасы бар Тереза деген бир айым да байкаган. Ал чоң курулуш машинелери менен иштегендерге чоң жоопкерчилик артыларын жана коопсуздукка абдан чоң маани берилиши керектигин жакшы түшүнөт. Тереза: «Жетекчимдин колдоосун сезгендиктен талап кылынгандан да көп иш бүтүргөнгө аракет кылам. Анткени анын мага ишеним артарын билем. Башкалар эмгегиңди баалап, жакшы аткарганыңды айтып турушса, жумушуңдун оор экени деле билинбей калат».

Экскаватор жана жүк ташуучу чоң машине айдаган Абигейил деген бир айым башкалардын ага көрсөткөн колдоосуна, аны менен кызматташканына ыраазы экенин айтып мындай дейт: «Курулуш тобундагы ага-инилер мени аял деп басынтпайт. Качан болбосун, жардам бергенге даяр, үстөмдүк кылышпайт. Мага тапшырылган жумушту өзүмө коюшат».

Дитин коюп, жан-дили менен иштешет

Челмсфорддо чоң курулуш машинелерин башкаргандан тышкары, айымдар геодезиялык аспаптар менен иштөөгө, жер ченөөгө, машинелерди оңдоого жана бийик жерлерди курууда колдонулган убактылуу курулмаларды орнотууга үйрөнүшөт. Курулуштагы ар кандай иштерди аткарууда кыз-келиндер менен иштешкен Роберт алардын «дитин коюп, жан-дили менен иштешерин жана майда-чүйдө нерселерге чейин маани беришерин» байкаган. Жер ченөө жагында иштеген Том болсо: «Менин тобумдагы кыз-келиндер ишин так, жан-дилден аткарышат. Алар баарын кылдат жасашат»,— дейт.

Курулуш тобунун жетекчиси Фергус деген кишинин: «Айымдардын курулуштагы орду абдан чоң»,— деп айтканы көңүлгө аларлык.

^ 2-абз. «Консидерит констракшн ским» — бул Британиядагы курулуш индустриясын өнүктүрүү максатында иш алпарган көз карандысыз уюм.