Мазмунун көрсөтүү

Улуу Британия. Сүрөт галереясы 1 (2015-жыл, январь—август)

Улуу Британия. Сүрөт галереясы 1 (2015-жыл, январь—август)

Улуу Британиядагы Жахабанын Күбөлөрү филиалын Лондондун чет жакасындагы Милл-Хиллден чыгышты көздөй 70 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Челмсфорд шаарына (Эссекс графтыгы) жакын жерге көчүрүп жатышат. Куруучулар 2015-жылдын январынан августуна чейин курулуш жүргүзүлө турган жерди даярдашты.

2015-жыл, 23-январь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Жергиликтүү бийликтин уруксаты менен жумушчулар кулап калган бактарды чогултуп, курулуш жүргүзүлө турган аймакты тазалашты. Жумушту канаттуу-куштар уя сала баштаганга чейин бүтүргөнгө аракет кылышты. Чоң устундарды курулушка колдонуш үчүн жыйып коюшту. Ал эми таарындыларын, коопсуз болушу үчүн, киши басчу жолдорго төшөштү.

2015-жыл, 30-январь. Убактылуу ашкана

Электрик телевизорлор сайыла турган жерлерге чубалгыларды туташтырып жатат. Мурун бул имарат мейманкана болчу. Азыр ал убактылуу ашкана катары колдонулуп жатат. Телевизорлор аркылуу куруучуларга Бейтелдеги таңкы сыйынуу, «Күзөт мунарасын» изилдөө трансляцияланат.

2015-жыл, 23-февраль. Курулуш жүрүп жаткан жер

Курулуш жүрүп жаткан жерге айланта темир тосмолор орнотулуп жатат. Курулуш иши табиятка зыян келтирбегидей долбоорлонду. Алсак, тосмолорду жерден 20 сантиметр бийик кылып орнотушту. Натыйжада түнкүсүн жем издеп чыккан кашкулактар ээн-эркин жүрө беришет.

2015-жыл, 23-февраль. Курулуш жүрүп жаткан жер

Куруучулар үчүн салынган жатак үйлөр жайгашкан жер менен курулуш жүргүзүлө турган жердин ортосуна убактылуу жол салынды.

2015-жыл, 5-март. Курулуш жүрүп жаткан жер

Убактылуу салынган жолдун чыгыштан карагандагы көрүнүшү. Ал сүрөттүн жогору жагында көрүнүп турган курулуш жүрүп жаткан жерге алып барат. Ылдый жактын сол бурчундагы имараттар куруучулар жашай турган убактылуу жатак үйлөр катары колдонулуп жатат. Жанындагы талаага кошумча жатак үйлөр курулат.

2015-жыл, 20-апрель. Убактылуу жатак үйлөр турган жер

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү жана башкы башкармалыктын өкүлү куруучулар менен жолугуш үчүн келип кетишти. Ошол жумада жолугушуунун программасы Улуу Британия менен Ирландиянын бүт Падышалык залдарына трансляцияланды. Жолугушууда андан мурунку күнү Челмсфорддун шаардык кеңешинин долбоорду баштоого уруксат бергени кулактандырылды.

2015-жыл, 13-май. Курулуш жүрүп жаткан жер

Эки чоң эмен дарагынын ортосунан курулуш материалдары сакталган кампалардан келген оор жүк ташуучу унаалар өтө тургандыктан, куруучулар алардын тамырларына доо кетпегидей кылып жол жасап жатышат.

2015-жыл, 21-май. Убактылуу жатак үйлөр турган жер

Убактылуу жатак үйлөрдүн суу түтүктөрү, электр чубалгылары өтө турган арыктар казылып жатат. Арт жакта 50 жатак үйдүн бир нечеси көрүнүп турат.

2015-жыл, 16-июнь. Убактылуу жатак үйлөр турган жер

Жатак үйлөрдүн бирине суу түтүктөрү орнотулуп жатат.

2015-жыл, 16-июнь. Убактылуу жатак үйлөр турган жер

Курулуп бүткөн жатак үйлөрдүн чыгыш тараптан карагандагы көрүнүшү. Дагы курула турган үйлөрдүн пайдубалы даярдалды. Сол жактагы чоң имаратта кампа менен ашкана жайгашкан. Филиалдын имараттары ары жактагы курулуш жүрүп жаткан жердин ортосуна салынат.

2015-жыл, 16-июнь. Убактылуу жатак үйлөр турган жер

Электрик телефон түйүндөрүнүн оптикалык талчалуу чубалгыларын туташтырып жатат. Башка филиалдар, башкы башкармалык менен байланышуу үчүн жана курулуш долбооруна байланыштуу маселелерди чечиш үчүн компьютерлер менен Интернет курулуш башталганга чейин эле орнотулду.

2015-жыл, 6-июль. Курулуш жүрүп жаткан жер

Мурун Челмсфорддун тегерек-четинде байыркы римдиктер байырлаган. Курулуш башталганга чейин эле жердин алдында баалуу археологиялык табылгалардын бары-жогу аныкташ үчүн жумушчу GPSти колдонуп арыктар казылчу жерди изилдеп жүрөт. 107 арык казылган, бирок баалуу буюмдар табылган эмес.

2015-жыл, 6-июль. Убактылуу кампадагы устакана

Эшиктердин кашектери жасалып жатат. Сатылып алынган жердеги эски имараттар оңдолуп, алардын ичине устаканалар, убактылуу кеңселер жана кампалар жайгаштырылды.

2015-жыл, 6-июль. Убактылуу имараттар жайгашкан аймак

Казылган жерлерге экскаватор менен топурак толтуруп жатат.

2015-жыл, 7-июль. Курулуш жүрүп жаткан жер

Шаардын чет жакасындагы жаңы филиал жайгаша турган, 34 гектарды ээлеген жердин түштүк тараптан карагандагы көрүнүшү. Жанынан кеме жайга, аэропортко, Лондон шаарына түз алпара турган чоң жол өтөт (сүрөттөн көрүнбөйт).

2015-жыл, 23-июль. Курулуш жүрүп жаткан жер

Эски имараттарды талкалап, жаңы имараттар курула турган жерди даярдап жатышат.

2015-жыл, 20-август. Убактылуу имараттар жайгашкан аймак

60 тонналык кран менен курама дубалдар орнотулуп жатат. Дагы орнотула турган кабиналардын пайдубалдары даярдалган. Бул кабиналар кеңсе катары колдонулат.