Улуу Британия. Сүрөт галереясы 4 (2017-жыл, март—август)
Бул сүрөт галереясынан Жахабанын Күбөлөрүнүн Улуу Британиядагы жаңы филиалын курууда 2017-жылдын мартынан августуна чейин эмнелер кылынганын көрө аласыңар.
2017-жыл, 28-март. Филиал курулуп жаткан жер
Жалданма жумушчу автокрандын жардамы менен алдыңкы бети айнек контейнерди түшүрүп жатат. Мындай контейнерлер курулушту көргөнү келгендер үчүн коопсуз аймакка бийигирээк орнотулган кароо аянтына коюлган. Курулушту көргөнү келгендер үчүн уюштурулган борбор жана кароо аянты 2017-жылдын май айында ачылган. Августка чейин эле 17 000ден ашуун киши экскурсияга жазылган.
2017-жыл, 29-март. F жатак үйү
Жалданма жумушчулар бийик кран менен эң биринчи курулуп бүтүшү керек болгон F жатак үйүнүн үстөлдүн формасына окшогон, алдын ала даярдалган бетон бөлүгүн жылдырып жатышат. Имараттардын тегерек-четинин бош болгону ушул сыяктуу бөлүктөрдү ажыратып-бириктирип отурбай эле ары-бери жылдырууга мүмкүндүк берет.
2017-жыл, 7-апрель. Жатак үйлөр
Беш жатак үй бир учурда курулуп жатат. Сүрөттүн алды жагында куруучулар B жатак үйүнүн пайдубалын куйганга даярдап, болот арматураларды бириктирип жатышат. Арт жакта (оңдо) куруучулар атайын шаймандын жардамы менен D жатак үйүнүн биринчи кабатынын полун куюп жатышат. Ал эми арт жакта (солдо) бийик кран менен E жатак үйүнө лифттин шахтасынын жана тепкич орнотула турган жердин бетон панелин коюп жатышат.
2017-жыл, 19-апрель. Филиал курулуп жаткан жер
Механик өрт өчүрүүдө колдонула турган суу өткөн пластик түтүктөрүнүн (гидрант) бириккен жериндеги жылчыктарды атайын шайман менен бүтөп жатат. Сантехникалык үтүк менен пластикти эритип эки түтүктү бириктиргенде, ортодо жылчыктар калып калышы мүмкүн. Ошол жылчыктарды бүтөгөндөн кийин бириккен жерлердин канчалык бекем экени текшерилет. Жалпы жонунан, төрт километрдей узундуктагы гидрант орнотулду.
2017-жыл, 25-апрель. Жатак үйлөр
Жумушчу суу өткөрбөгөн материал менен капталган жасалма арыкты тазалап жатат. Курулуштун аймагындагы мындай арыктардын үстүндө жолдор болот жана ал арыктар аркылуу жаандын суусу көлмөлөргө агып барат. Мындай чара аймакты суу каптоодон сактайт.
2017-жыл, 28-апрель. F жатак үйү
Архитектор жубайлар далистин дубалдары кайсы жерге тургузуларын белгилеп жатышат.
2017-жыл, 5-май. Жатак үйлөр
Курулуп жаткан беш жатак үйдүн чыгышты карагандагы көрүнүшү. Сентябрга чейин бетон рамалар толугу менен орнотулуп бүттү. F жатак үйүнүн (артта оңдо) ички дубалдары орнотулуп, шыбалып, сырдала баштады. Ошону менен бирге жумушчулар E жатак үйүнүн (артта солдо) сырткы дубалдарын жана терезелерин орното башташты. B, C жана D жатак үйлөрү курула турган жер (алдыда) архитекторлордун, электриктердин, механиктердин ишин баштоого жана курулуш текчелерин (леса) орнотууга даярдалды.
2017-жыл, 18-май. Куруучулар чогулган жер
Жетектөөчү Кеңештин Басма комитетинин жардамчысы жана бүткүл дүйнөлүк долбоор/курулуш бөлүмүнүн (БДДКБ) көзөмөлчүсү Роберт Лусиони Ыйык Китепке негизделген баяндама айтып, куруучуларды бекемдеп жатат. БДДКБ жаңы филиалдардын имараттарын долбоорлоо жана куруу ишин көзөмөлдөп, иштин натыйжалуу жүрүшүнө жана каражаттардын сарамжалдуу колдонулушуна кам көрөт.
2017-жыл, 25-май. Филиал курулуп жаткан жер
Жумушчулар маалымат кору, газ жана электр түйүнү жайгаша турган коммуналдык комплекстин полун цементтеп жатышат. Оң жакта жумушчулар коммуналдык комплекстеги шаймандар иштегенде чыккан катуу үндү жутуп ала турган тосмо дубалдын пайдубалын куюп жатышат.
2017-жыл, 7-июнь. Е жатак үйү
Архитекторлордун тобу болот рамалар орнотула турган жерлерди белгилегенге чейин чиймелерди карап жатышат.
2017-жыл, 13-июнь. F жатак үйү
Жумушчу сырткы дубалдар бекитиле турган болот рамаларды орнотуп жатат.
2017-жыл, 22-июнь. Е жатак үйү
Жумушчулар сырткы дубалдарга тиешелүү иштерди кыла алышы үчүн, Е жатак үйүн тегерете курулуш текчелери орнотулду.
2017-жыл, 11-июль. F жатак үйү
Жумушчу жаңы коюлган терезелерди коргой турган атайын каражат менен сырдап жатат. Ал кургаганда чел кабык сыяктуу болуп калат да, курулуш маалында айнекти коргоп турат. Курулуш бүткөндөн кийин аны сыйрып салышат.
2017-жыл, 13-июль. F жатак үйү
Механиктердин тобу жатак үйдөгү бөлмөнүн полунун алдындагы жылыткыч системаны басым астында текшерүүдө. Зарыл өзгөрүүлөр кылынгандан кийин жылытуу системасынын түтүктөрү жаткан пол цементтелет.
2017-жыл, 19-июль. Филиал курулуп жаткан жер
Жашылдандыруу тобунун мүчөсү филиалдын негизги кире беришинин алдында айланма жолдун боюндагы жапайы гүлдөр өскөн чымды кесип жатат. Чымдын колдонулушу отоо чөптөрдүн өсүшүнө бөгөт коёт. Мунун аркасында унаалар көп өткөн жолдун боюндагы өсүмдүктөргө кам көрүүгө азыраак убакыт жана күч сарпталат.
2017-жыл, 1-август. Кеңсе имараттары
Адис GPS шайманынын жардамы менен кеңселер жайгаша турган комплекстин кире бериши боло турган жерди белгилөөдө. Белгиленген жерге узун темир таяк сайып, так-айкын көрүнүп турушу үчүн, аны сырдап жатат. Комплекстин бул бөлүгүнө филиалдын тамак жасай турган жайы, ошондой эле ашкана жана чоң зал жайгаштырылат. Арт жакта жатак үйлөр көрүнүп турат.
2017-жыл, 8-август. Жатак үйлөр
Аялы менен күйөөсү жаандын суусун чогулта турган системанын бөлүгү болгон кудуктун опалубкасын орнотуп жатышат. Арт жакта кышкысын ар кандай аба ырайына карабай иштей берүүгө мүмкүндүк бере турган пластик жабуу менен оролгон E жана F жатак үйлөрү турат.
2017-жыл, 9-август. Филиал курулуп жаткан жер
Үйрөнчүк вакуумдуу көтөргүч шайманды башкарганды үйрөнүп жатат. Мындай көтөргүчтөр ар биринин салмагы болжол менен 70 килограммдай болгон бордюрларды көтөрүп, орнотуу үчүн колдонулат. Бордюрлар туура орнотулгандан кийин, аларды бекитиш үчүн эки жагынан цемент куюлат.
2017-жыл, 16-август. Филиал курулуп жаткан жер
Механиктер тобунун мүчөсү орнотулушу керек болгон жерге жаткырылган суу түтүгүн туура бурчта жаткыдай кылып кармап турат. Жаңы филиалдын аймагына узундугу болжол менен 5 чакырымга жеткен түтүктөр орнотулушу керек.
2017-жыл, 22-август. Е жатак үйү
Имараттардын сырткы көрүнүшүн жасалгалоо тобунун мүчөсү электр араасы менен кыштарды кесип жатат. Жарым кыштар жатак үйлөрдүн сыртын фламанд стилинде кооздоо үчүн колдонулат. Жалпы жонунан жатак үйлөрдүн сыртына 300 000ден ашуун кыш коюлат.