Улуу Британия. Сүрөт галереясы 6 (2018-жыл, март—август)
Бул сүрөт галереясынан Жахабанын Күбөлөрүнүн Улуу Британиядагы жаңы филиалын курууда 2018-жылдын мартынан августуна чейин эмнелер кылынганын көрө аласыңар.
2018-жыл, 8-март. Филиал курулуп жаткан жер
Айлана-чөйрөгө жооптуу топтун мүчөсү негизги кире бериштин тушундагы көлмөдөгү суутектин көрсөткүч деңгээлин текшерип жатат. Мындай текшерүү сууда камтылган булгоочу заттардын деңгээлин көзөмөлдөп турууга шарт түзөт.
2018-жыл, 13-март. B турак үйү
Бир тууган дубалга аба ырайынан коргой турган материалдарды орнотконду үйрөнүп жатат. Бышкан кыштан курулган жана жылууланган турак үйлөрдүн сырткы катмары ушундай материал менен капталат.
2018-жыл, 5-апрель. Түштүк өндүрүш имараты
Жолду асфальттаганга даярдаш үчүн жол таптагыч менен таптап жатышат. Филиал курулуп жаткан жердеги бүт аймакты айланып өтө турган бул жол түштүк өндүрүш имаратынын жанынан бүтөт.
2018-жыл, 1-май. Кеңсе имараты
Түндүк-батыш тараптын үстүнөн көрүнүшү. Алдыңкы тарабында кеңсе имаратынын кабылдамасынын аймагында мунаралуу кран турат. Анын оң тарабында кеңсе имаратынын тосмо плиталары турат. Сол тарабында болсо тамак жасай турган жана тамактана турган ашкана менен залдын пайдубалы турат. Сүрөттүн жогору жагынын оң тарабында келгендер курулуш жүрүп жаткан жерди үстүнөн көрө алышы үчүн орун алган бийик курулма жайгашкан.
2018-жыл, 9-май. Кеңсе имараты
Болот фермалары орнотулуп, тамак жасай турган жана тамактана турган ашкананын, кеңсе имаратындагы залдын каркасы түзүлүп жатат.
2018-жыл, 14-май. Кеңсе имараты
Айлана-чөйрөгө жооптуу топтун мүчөсү, экскаватор дарактын тамырына зыян келтирбеши үчүн, көз салып турат. Жашылдандыруу тобундагылар дарактардын тамыры зыян тартпаш үчүн тосмолорду орнотушкан. Курулушка уруксат берилбеген жерлердеги башка дарактардын тамыры зыян тарткан жок.
2018-жыл, 24-май. E турак үйү
Жашылдандыруу тобунун мүчөсү киши баса турган жолду бойлой көк шибер төшөп жатат. Тамыры өскөндө көк шибер жылып кетпеши үчүн казыкчалар кагылууда.
2018-жыл, 19-июнь. D турак үйү
Сүрөтчү 3-кабаттагы кооздук үчүн орнотулган жыгач панелге кабаттын номурун тартып жатат. Кийинки айда куруучулар D турак үйүнө көчө башташкан.
2018-жыл, 20-июнь. Кеңсе имараты
Жалданма жумушчулар тепкичтин бетондон жасалган даяр панелдерин орнотуп жатышат.
2018-жыл, 26-июнь. Кеңсе имараты
Гидравликалык көтөргүчтө турган гипсокартон орнотуу тобунун мүчөлөрү далистин дубалынын каркасын орнотуп жатышат. Оң тарапта механикалык топ желдетүү системасын орнотууда жабдууларды көтөрүш үчүн колдонгон тик көтөргүч турат.
2018-жыл, 10-июль. Кеңсе имараты
Механикалык топтун мүчөлөрү кеңсе имаратындагы кабылдаманын астынан өтө турган, түтүктөрдү кармата турган шакекчелерди орнотуп жатышат.
2018-жыл, 10-июль. Өндүрүш имараттары
Жумушчулар түндүк өндүрүш имараты менен түштүк өндүрүш имаратынын ортосундагы кургатуу каналын орнотуп жатышат.
2018-жыл, 17-июль. Кеңсе имараты
Жалданма жумушчулар ашкананын чатырын курчап тура турган тосмонун акыркы бөлүгүн коюп жатышат. Төмөндөгү катар тирөөчтөр A турак үйүнө алып барат.
2018-жыл, 19-июль. Түштүк өндүрүш имараты
Болот устундар коюлуп жатат. Бул имаратта устаканалар жана кеңселер болот.
2018-жыл, 2-август. Филиал курулуп жаткан жер
Түндүк-батыш тараптын үстүнөн көрүнүшү. Ортодо оң тарапта болот каркасы бүтүп калган, дубалдын фасады орнотулуп жаткан түштүк өндүрүш имараты. Алдыңкы тарапта түндүк өндүрүш имараты курулууда жана ал имараттын маңдайындагы жер асфальт төшөө үчүн даярдалууда. Ортодо сол тарапта кеңсе имараттары, аркасында турак үйлөр турат.
2018-жыл, 3-август. Турак үйлөр
Күн чыгып келатканда чыгыш тараптан үстүнөн карагандагы көрүнүш. Алдыңкы тарапта бүтүп калган D, E жана F турак үйлөрү турат. С турак үйү октябрь айында бүтөт деп пландаштырылууда.
2018-жыл, 7-август. Кеңсе имараты
Жумушчулар көлмөнүн четине акиташтуу шагыл таштарды коюп жатышат. Бак-дарактар менен курчалган бул көлмө кеңсе имаратынын кире беришинин көркүнө көрк кошот.
2018-жыл, 7-август. Кеңсе имараты
Жумушчулар кеңсенин шыбы аркылуу желдетүү системасынын жана электр жарыгынын чубалгыларын өткөрүп жатышат. Бул кеңсе долбоорго байланыштуу ар кандай иштерди уюштуруп, ишке ашырууда колдонулат.
2018-жыл, 7-август. Кеңсе имараты
Кеңсе имаратына бетон панелдер коюлуп жатат. Кеңсе имараты августтун аягына чейин толугу менен бүтүшү үчүн, курулуш ишин тездетүү максатында даяр панелдер колдонулууда. Чоң терезелер кеңселерге табигый жарыктын мүмкүн болушунча көбүрөөк киришине шарт түзөт. Терезелер ичкери карай орнотулган. Бул кыш мезгилинде жапызыраак турган күндүн көздү уялткан жарыгынын жана жай мезгилинде күндүн ысык табынын азыраак киришине өбөлгө түзөт.
2018-жыл, 24-август. Кеңсе имараты
Жумушчулар ашкананын жана залдын үстүндөгү болот фермаларды каптоого даярдап жатышат. Мындай дубалдар бир учурда эки жак тең колдонулганда чыккан дабыштарды азайтат.