Уорик. Сүрөт галереясы 6 (2016-жыл, март—август)
Бул сүрөт галереясынан Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгынын имараттарын куруу иши кандай жүрүп жатканын жана 2016-жылын мартынан августуна чейин ыктыярдуу куруучулардын эмнелерди кылышканын билесиңер.
2016-жыл, 16-март. Курулуш жүрүп жаткан жер
Жашылдандыруу тобу атайын даярдалган жерге эмен жана зараң дарактарынын көчөтүн түшүрүп жатат. Уориктеги курулуш жүрүп жаткан жерге 1 400дөн ашуун дарактын көчөтү отургузулат.
2016-жыл, 23-март. Унаа оңдоочу жай
Уорикте кызмат кылган 384 киши Жахабанын Күбөлөрү жыл сайын белгилеген Эскерүү кечесин өткөрүп жатышат.
2016-жыл, 15-апрель. Курулуш жүрүп жаткан жер
Куруучулар кароолкананын терезелерин орнотуп жатышат. Кароолдо тургандар аймакка келгендерди тосуп алышат, аймакты кайтарышат жана унааларды киргизип-чыгарып турушат.
2016-жыл, 19-апрель. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Атасы менен уулу экинчи кабаттагы далистин полуна чарчы бөлүк килемчелерди тагып жатышат. Жарабай калган жерлерин алмаштыруу оңой болгондуктан, мындай килемчелер коомдук жайларда колдонулат.
2016-жыл, 27-апрель. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Куруучулар чыгарып кайра такма дубалдарды орнотуп жатышат. Бөлүмдүн муктаждыгына жараша кеңселерди өзгөртүү зарыл болгондо мындай дубалдарды чыгарып, башкача кылып орнотуп койсо болот.
2016-жыл, 10-май. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Куруучу кабылдаманын жанындагы келген-кеткендер кире турган дааратканадагы унитазды жана тосмолорду орнотконго чейинки кылына турган иштерди бүтүрүп жатат.
2016-жыл, 26-май. Курулуш жүрүп жаткан жер
Өрт өчүрө турган топ өрт өчүрүүгө машыгып жатат. Өзгөчө кырдаалда кандай иш-аракет кылыш керектигин мыкты үйрөнгөн бул топ Уорикте кызмат кылгандарды, мүлктү өрттөн сактайт. Ошонун аркасында жергиликтүү өрт өчүргүчтөргө оордук келбейт.
2016-жыл, 30-май. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Официант таңкы сыйынуу башталганга чейин куруучуларга орун таап берип жатат.
2016-жыл, 31-май. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук
Куруучу лазер түздөгүч менен бейтелдиктерге жана конокторго багыт көрсөтө турган 2 500 белгинин бирин орнотуп жатат.
2016-жыл, 1-июнь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Ширеткич кабылдамадан чоң залга алып бара турган негизги тепкичтин кармагычтарын ширетип жатат. Сүрөттүн ылдый жагында көрсөтүлгөн отко туруктуу материал имараттын жасалып бүткөн ички бөлүгүн коргоп турат.
2016-жыл, 9-июнь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Дубал менен шыпты жасаган топтогу жумушчу «Ишенимин иш жүзүндө көрсөткөндөр» деген көргөзмөгө алып бара турган далистин дубалын шыбап жатат. Ал көргөзмө — өз алдынча көрүү үчүн даярдалган үч көргөзмөнүн бири. Архитектуралык элементтерде көргөзмөнүн ар бир бөлүгүнүн темасы көрсөтүлгөн.
2016-жыл, 16-июнь. Унаа оңдоочу жай
Жумушчулар жерге төшөлгөн бетонду ныктаганга даярдап жатышат. Бетон ныкталганда бетиндеги жаракалар, ойдуңдар түздөлөт. Мунун аркасында бетон бекем болуп, жууганга оңой болот.
2016-жыл, 29-июнь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Куруучулар кабылдаманын кире беришине пластик айнек менен жабылган бастырма орнотуп жатышат. Пластик айнек күндүн нурун жакшы өткөрөт.
2016-жыл, 29-июнь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Жубайлар «Ыйык Китеп жана Кудайдын ысмы» деп аталган көргөзмөнүн кире беришине граниттен жасалган таманташ төшөп жатышат.
2016-жыл, 6-июль. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Жумушчу негизги залдагы 1 018 отургучтун бирин орнотуп жатат. Бул жерге Бейтел үй-бүлөсү «Күзөт мунарасын» изилдөөгө жана башка программаларды угууга чогулат.
2016-жыл, 9-июль. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Куруучулар кабылдамага тамгалары күйүп турган жазууну орнотуп жатышат.
2016-жыл, 13-июль. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Тейлөө кызматтары бөлүмүндөгү эки бир тууган кабылдамада иштеп жаткан куруучулар үчүн суу ташып жатышат. Куруучуларга, өзгөчө, ысыкта көп суу ичүү кеңеш кылынат.
2016-жыл, 19-июль. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Жумушчу «Ыйык Китеп жана Кудайдын ысмы» деп аталган көргөзмөнүн айнек текчелерин орнотуп жатат. Бул жерге Ыйык Китептин сейрек кездешкен басылмалары коюлат. Көргөзмөдө ар кандай Ыйык Китептер жана Ыйык Китепте айтылган байыркы буюм-тайымдар коюлган айланма текчелер да болот.
2016-жыл, 22-июль. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Жумушчу картанын чиймесин колдонуп, кабылдамадагы дубалга Австралиянын жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы аралдардын картасын бекитип жатат. Бул дубалда «Жахабанын Күбөлөрү» деген сөздөр 700дөй тилде жазылган.
2016-жыл, 23-июль. Кеңселер/Тейлөө кызматтары
Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү Уорикте жашай турган жана иштей тургандарга көрсөтмөлөр берилген жолугушууда отурушат. Бул жолугушууда жалпы көрсөтмөлөрдөн тышкары, курулуп бүтө элек имараттарда техникалык коопсуздукту сактоо жөнүндө да айтылып жатат.
2016-жыл, 17-август. JW телеберүүсүнүн студиясы
Куруучулар алпаруучунун үстөлү коюла турган жердин үстүнө шакекче түрүндөгү жарыктандыргычты орнотуп жатышат. Студиядагы эмеректердин көбү Бруклинден алынып келинген.
2016-жыл, 24-август. Курулуш жүрүп жаткан жер
Электрик негизги кире беришке жарык диоддуу жазууну орнотуп жатат. Бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктын айрым бөлүмдөрү 1-сентябрга чейин эле Уорикке көчүрүлүп, иштей баштаган.