Мазмунун көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңеш Орусиядагы жана Украинадагы Жахабанын Күбөлөрүн бекемдеди

Жетектөөчү Кеңеш Орусиядагы жана Украинадагы Жахабанын Күбөлөрүн бекемдеди

«Биз сүйүүгө көмүлгөндөй эле болдук». Бул сөздөрдү Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү Стивен Летт Украинадагы бир туугандарга окуп берген маанилүү каттагы сөздөрдү уккан ишенимдешибиз айткан. Ал Украинага барган Стивен Леттин баяндамасын уккан 165 000 Жахабанын Күбөсүнүн бири болгон. Баяндама 2014-жылдын 10, 11-майында, дем алыш күндөрү, айтылган.

Ыйык Китепке негизделген баяндамалар жана кат 5 тилге которулуп, Украинадагы 1 100дөй Падышалык залына трансляцияланган.

Ошол эле дем алыш күндөрү Орусияда да ошондой программа уюштурулуп, Жетектөөчү Кеңештин дагы бир мүчөсү Марк Сандерсон ал жактагы бир туугандарга Жетектөөчү Кеңештин катын окуп берген. 14 тилге которулган ал программа Белорусиядагы жана Орусиядагы 2 500дөн ашуун жыйналышка трансляцияланып, аны 180 413 бир тууган көргөн.

Жетектөөчү Кеңештен келген ал кат Орусиядагы жана Украинадагы бардык жыйналыштар үчүн жазылган. Марк Сандерсон катты орус тилинде окуп берген. Бул Орусиядагы филиалга Жетектөөчү Кеңешке: «Жетектөөчү Кеңештин Орусиядагы бир туугандарды да ойлоорун билгенде бир туугандардын жүрөгү козголду. Баарыбыз өзүбүздү Жетектөөчү Кеңеш келип бизди кучактагандай эле сездик»,— деп кат жазууга түрткү берген.

Кат саясий баш аламандык өкүм сүргөн аймактардагы бир туугандарды сооротуп, бекемдөө максатында жазылган. Анда жазылгандар аларды саясий маселелерде бейтараптуулук сактап, андан ары да бул «дүйнөгө таандык болбоого» үндөгөн (Жакан 17:16).

Жетектөөчү Кеңеш бул үчүн тиленүү, изилдөө жүргүзүү жана Кудайдын Сөзүн окуп, ой жүгүртүү аркылуу Жахаба менен тыгыз мамиледе болуу талап кылынарын айткан. Ошондой эле бир туугандарды, кандай гана сыноолорго кабылбасын, Жахабанын Ышая 54:17деги: «Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт»,— деген убадасына ылайык иш кыларынан кымындай да шек санабаса болоруна ынандырган.

Жетектөөчү Кеңеш катын мындай деген сөздөр менен корутундулаган: «Биз баарыңарды абдан жакшы көрөбүз. Силерди дайыма ойлоорубузга жана Жахабадан силер үчүн дайыма тиленип жатканыбызга ынандыргыбыз келет».

Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрүнүн келгени бир туугандарга кандай таасир эткени жөнүндө Жахабанын Күбөлөрүнүн Украинадагы филиалы мындай деп жазган: «Бир туугандар Жетектөөчү Кеңештин камкордугуна жана көңүл бурганына аябай ыраазы болушту. Стивен Леттин Украинага, ал эми Марк Сандерсондун Орусияга бир учурда, жекшемби күндөрү, барганы Кудайдын элинин арасында биримдик өкүм сүрөрүн айкын далилдеди жана Жахаба менен Исанын бизге канчалык кам көрөрүн айгинеледи. Алардын бизге өз убагында келгенине баарыбыз кошулабыз. Биз, эч кандай кыйынчылыктарга карабай, мындан ары да Жахабага кызмат кыла берүүгө чечкиндүү болуп калдык».