Мазмунун көрсөтүү

Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин 136-классынын бүтүрүү аземи

Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин 136-классынын бүтүрүү аземи

2014-жылдын 8-мартында, ишемби күнү, беш ай бою Ыйык Китепти талыкпай изилдеген Гилат мектебинин 136-классынын бүтүрүү аземи болуп өттү. Бул мектептен тажрыйбалуу Жахабанын Күбөлөрү Кудайга андан да натыйжалуураак кызмат кылганга жана ишенимдештеринин Кудайга болгон ишенимин бекемдегенге үйрөнүшөт. Бүтүрүү аземинин программасын Жахабанын Күбөлөрүнүн Патерсондогу (Нью-Йорк) билим берүү борборуна баргандардан тышкары, видеотрансляция аркылуу Канададагы, Ямайкадагы, Пуэрто-Рикодогу жана Кошмо Штаттардагы Жахабанын Күбөлөрү уга алышты. Аземдин программасын баары биригип 11 548 киши укту.

«Ой жүгүртүүңөр Иса Машаяктыкындай болсун». Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү болгон жана программага төрагалык кылган Дэйвид Сплэйндин баяндамасы Филипиликтер 2:5—7-аяттардагы: «Ой жүгүртүүңөр Машаяк Исаныкындай болсун»,— деген сөздөргө негизделди. Ырас, Иса Машаяк жерде жүргөндө кандайдыр бир даражага жетүүгө умтулбай, Кудай тапшырган ишти момундук менен аткара берген.

Маселен, Ибилис азгырганда, Иса Машаяк Муса пайгамбардын ысрайыл элине айткан сөздөрүн цитата кылып: «Деп жазылган»,— деп айткан (Матай 4:4, 7, 10; Мыйзам 6:13, 16; 8:3). Ал Кудайдын Уулу болгондуктан өзүнүн сөзү менен деле жооп берүүгө бийлиги бар болчу. Ошондой болсо да Муса пайгамбардын жазгандарын баалаарын көрсөтүп, ар бир жообунда момундук менен анын сөздөрүн колдонгон. Биз да айрым бир туугандардын бизге караганда жөндөмдүүрөөк экенин моюнга алып, аларды мактоого умтулушубуз керек.

Ошондой эле Сплейн бир тууган Иса Машаяктын жердеги кызматынын соңунда ой жүгүртүүсүнүн кандай болгонуна токтолду. Иса Машаяк Кудайга кайрылып: «Мага тапшырган ишиңди аягына чыгаруу менен мен сени жер үстүндө даңктадым. Ата, эми мени жаныңа алып, дүйнө жаралганга чейин жаныңда жүргөндө ээ болгон даңкыма бөлөй көр»,— деп тиленген (Жакан 17:4, 5). Арийне, ал дагы башка даражага жетүүнү көздөгөн эмес. Ал Атасынан асманга кайтып барганда кайрадан мурунку абалына же мурунку кызматына ээ кылышын эле суранган. Ошо сыңары, Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрү кандайдыр бир абалга ээ болууну көздөбөй, Иса Машаяктан үлгү алып, бүт көңүлүн өздөрүнө тапшырылган ишке бурушу зарыл. Алар атүгүл өздөрү дайындала турган жерге барганда кошумча сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болбосо да, аткарып жаткан кызматына ыраазы болушу керек.

«Баш тарткан нерселериңерге өкүнбөгүлө». Жетектөөчү Кеңештин Окутуу комитетинин жардамчысы Уильям Маленфант студенттерди, элчи Пабылдай болуп, жан аябас болууга үндөдү. Элчи Пабыл Кудайга кызмат кылыш үчүн баш тарткан нерселерине өкүнгөн эмес, тескерисинче: «Арттагыны унутуп, алдыдагыны көздөө менен... максатыма умтулуп жатам»,— деп айткан (Филипиликтер 3:13, 14).

Баш тарткан нерселерине өкүнбөй, студенттер бул жагынан мыкты үлгү калтырган Кудайдын байыркы жана азыркы учурдагы ишенимдүү кызматчыларын туурай алышат. Маленфант бир тууган жаштайынан Жахабага кызмат кылган Клэра Гербер Мойер деген бир туугандын сөздөрүнөн цитата келтирди. Клера бир тууган мындай деген экен: «Өзүңдү 80 жыл Кудайдын кызматына арнап, артыңды караганда эч нерсеге өкүнбөсөң, мындан өткөн кубаныч жок экен! Эгер мага дагы бир жолу жашаганга мүмкүнчүлүк берилсе, кайра эле ушундай жашоону тандамакмын».

«Падышалык жөнүндөгү кабарды периштелер менен жана периштелердей болуп жарлагыла». Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Геррит Лёш жакшы кабарды жарыялоо ишине катышкандардын эки өзгөчө сыймыкка ээ экенин айтты. Биринчиси, алар Падышалык жөнүндөгү кабарды жеткирүүдө Кудайдын периштелериндей болуп кызмат кылышат. Анткени Ыйык Китептеги «периште» деп которулган еврей жана грек сөзүнүн «кабарчы» деген да мааниси бар. Экинчиси, студенттер, шакирт Филиптей болуп, жакшы кабарды периштелердин жетекчилиги астында таратышат (Элчилер 8:26—35).

Андан соң Лёш бир тууган кабар айтуу кызматында болгон бир нече окуяны айтып берди. Алардын бири — Мексикада жашаган Габино деген бир тууган менен болгон окуя. Үйдөн үйгө кабар айтып жүргөндө Габино, адатта, эшикти бир же эки эле жолу такылдатат, бирок бир жолу ал бир эшикти төрт жолу такылдаткан экен. Ошондо бир киши чыгып, өмүрү менен кош айтышайын деп жатканын айтыптыр. Ал Габиного: «Төртүнчү жолу тыкылдатып жатканыңызда, мойнумда сыйыртмак бар болчу. Бирок эшикти ачайын деп илмекти чечтим. Кайра-кайра такылдатканыңыз үчүн сизге чоң рахмат. Эгер антпесеңиз, мен асынып өлүп алмакмын»,— дептир.

Ушул сыяктуу окуяларга кээде кокустан эле кабылсак да, көп учурда кокустан болбой турганын билебиз. Алар периштелердин бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишинде жарчыларды жетектеп жатканын далилдеп турат (Аян 14:6).

«Кадыр-барктуулар Кудайдан бата алат». Гилат мектебинин нускоочусу Майкл Бернет Жүйүттүн тукумдарынын бири болгон жана «бир туугандарына караганда кадыр-барктуу болгон» Жабес деген кишинин үлгүсүнө токтолду. Жабес Кудайдан: «Мага батаңды берип, жеримди көбөйтсөң, зыян тартпашым үчүн, колуңду сунуп, мени кырсыктан коргосоң...»,— деп тиленген (1 Жылнаама 4:9, 10).

Студенттер кадыр-барктуу Жабестен Кудайдан кайсы бир нерсе тууралуу суранганда тагыраак тиленүүгө, өзгөчө, Гилат мектебинен алган билимине жараша иш кылганга жардам сурап тиленүү жагынан үлгү ала алышат. Ошондой эле алар Кудайдан ар кандай кырсык-каргашадан сакташын, башкача айтканда, алардын кесепетинен коргошун эмес, ошондой сыноону көңүл чөгөттүккө алдырбай көтөрүп кетүүгө жардам беришин сурап, тилене алышат. Жабестин суранычын аткаргандай эле, Жахаба Гилат мектебинин студенттеринин да өтүнүчүн сөзсүз аткарат.

«„Отуңар“ дайыма күйүп турсун». Окутуу комитетинин жардамчысы жана Гилат мектебинин нускоочусу Марк Нумардын баяндамасы 1 Тесалоникалыктар 5:16—19-аяттарга негизделди. От өчүп калбаш үчүн отун, кычкылтек жана чок керек болгондой эле, кызматын дайыма күйүп-жанып аткарыш үчүн студенттерге каймана мааниде ушундай үч нерсе керек.

Биринчиси — «дайыма кубануу» (1 Тесалоникалыктар 5:16). Кубаныч бул — кызматты жалындап аткарууга жардам берген «отун». Кубанычыбызды сакташ үчүн Жахабага жаккандай иш кылып жатканыбыз кандай чоң бата экени жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек. Экинчиси — «үзгүлтүксүз тиленүү» (1 Тесалоникалыктар 5:17). Тиленүү отту тутанткан кычкылтекке окшош. Кудайга жүрөгүбүздөгүнүн баарын төгүп, узагыраак тиленгенибиз жакшы. Үчүнчүсү — «бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдирүү» (1 Тесалоникалыктар 5:18). Ыраазычылыкка толуп турган жүрөк Жахаба жана бир туугандарыбыз менен жылуу мамиледе болууга өбөлгө түзөт. «Сезимдердин илебин сууткан сын пикирлерден качып, ыраазычылык сезимин ысык сактаганга аракет кылгыла»,— деди Нумар бир тууган.

«Жахабаны асман менен бирге даңктайлы». Теократиялык мектептердин нускоочусу Сэм Роберсон баяндамасын күндүн, айдын жана жылдыздардын Жахабаны даңктаарын көрсөткөн Ыйык Китептеги аяттарды талкуулоо менен баштады (Забур 19:1; 89:37; 148:3). Ал студенттердин да Жахабаны даңктоого мүмкүнчүлүгү болгонун айтып, айрымдарынан кызматта болгон окуяларды сахналаштырып беришин суранды. Мисалы, бир жолу Гилат мектебинин бир студенти, майыптар коляскасында отурган бир киши жолдон өтүп кетиши үчүн, машинесин токтотот. Жолдон өтүп алгандан кийин тиги киши биздин бир тууганга кол булгалап ыраазычылык билдирет. Биздин бир тууганыбыз да ага рахмат айтканына ыраазычылык билдирет. Экөө сүйлөшө кетип, ал киши Ыйык Китепти изилдегенге макул болот. Бир нече жума бою ошол киши менен изилдөө өтүп жүрүп, Гилат мектебинин студенти ал кишини көргөнү келген дагы башка кишилер менен маектешет. Ошентип, кокустан курулган маектин аркасында тиги кишиден тышкары, дагы жети киши менен изилдөө башталат.

«Кудайдын билими аркылуу күч-кубатка толо бергиле». Басма комитетинин жардамчысы Доналд Гордон бүтүрүүчүлөрдүн ичинен эки жубай менен маек курду. Жубайлардын биринин жолдошу Гилат мектебинде Эфестиктер 3:16—20-аяттар көп талкууланганын айтты. Ал аяттардан студенттер момун, башкалар оңой кайрыла алгандай адам болсо жана Жахабанын ар бир кызматчысы үчүн дагы деле жумуш көп экенин түшүнсө, рухий жактан «күч-кубатка» толо берерин биле алышты. Ал эми жубайлардын биринин аялы Гилат мектебинин бир нускоочусунун студенттерди өскөнгө мүмкүнчүлүк бербеген кичинекей идиштеги чоң балыктай эмес, чоң океандагы кичинекей балыктай болууга үндөгөнү жакканын айтты. Ошондой эле: «Эгер мен Жахабанын уюмунда өзүмдү кичүүдөй алып жүрсөм, ал мага рухий жактан өсүүгө жардам берерин түшүндүм»,— деп кошумчалады.

«Жахаба жакшылыгыңарды эстеп, силерге жакшылык кылсын». Бүтүрүүчүлөргө арналган аземдин программасынын негизги баяндамасын Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон айтты. Анын баяндамасы: «Оо, Кудайым, бул элге кылган жакшылыгымдын баарын эстеп, мага жакшылык кыла көр»,— деп тиленген Некемиянын сөздөрүнө негизделди (Некемия 5:19; 13:31). Некемия Жахаба Кудай аны жана анын Ага кылган кызматын унутуп калат деп корккон эмес. Ал тек гана Жахабадан анын жакшылыгын эстеп, батасын беришин суранган.

Ошол сыяктуу эле, студенттер да Гилат мектебинен үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө колдоно беришсе, Жахаба алардын жакшылыгын унутпай турганына толук ишенсе болот. Маселен, студенттер Кудайга кызмат кылууга биринчи кезекте Кудайга болгон сүйүүсү түрткү бериши керектигин унутпашы керек (Марк 12:30). Ыбрайым пайгамбар Жахабаны чын жүрөктөн сүйгөн, ошондуктан ал аны жылуу сезим менен эскерген. Атүгүл, анын көзү өтүп кеткенинен миңдеген жылдар өткөндөн кийин да, Кудай аны «менин досум» деп атаган (Ышая 41:8).

Сандерсон бир тууган студенттерге жакындарын, өзгөчө, ишенимдештерин сүйүшү керектигин айтты (Марк 12:31). Алар, «талап-тоноочуларга кабылган кишиге жакын адамындай мамиле кылган» самариялык кишидей болуп, башкаларга жакшылык кылууда демилгени колго алышы жана жардамга муктаж болгондорго көмөк көрсөтүшү зарыл (Лука 10:36). Бул ойду түшүндүрүш үчүн Сандерсон бир тууган мурда Гилат мектебин бүтүргөн, облустук көзөмөлү болуп кызмат кылган Николас Ковалак деген бир туугандын үлгүсүн айтып берди. Ковалак бир тууган башкаларга жылуу мамиле кылганы, сүйүү көрсөткөнү менен өзгөчөлөнүп турчу. Ал бир жолу бир кыдыруучу көзөмөлчү менен анын жубайына кызматта жигердүү болушу керектигин айтып: «Күндүн башында, жуманын башында, айдын башында, жылдын башында көбүрөөк кызмат кылууга аракет кылгыла»,— деп кеңеш берген. Бирок кыдыруучу көзөмөлчүнүн аялынын кандай кызмат кылып жатканын бир нече жума бою байкап көргөндөн кийин: «Мен айткандардын баарын унут. Сен жаныңды аябай, күжүрмөн эмгектенет экенсиң. Көпкө чейин кызмат кыла алышың үчүн ылдамдыгыңды бир аз азайтышың керек»,— деген. Анын мээримдүүлүк, боорукердик менен берген кеңеши ал бир тууганга ондогон жылдар бою толук убакыттагы кызматын улантканга жардам берген.

Акырында, Сандерсон бир тууган студенттерди башкаларды окутуп-үйрөтүп, мектептен алган билиминин максатына жараша иш кылууга үндөдү (2 Тиметей 2:2). Ооба, алар дайындоосун аткарып жатып, бүткүл дүйнө жүзүндөгү бир туугандарын бекемдей алышат жана Жахаба алардын жакшылыгын эстеп, аларга сөзсүз түрдө жакшылык кылат (Забур 20:1—5).

Жыйынтык. Студенттерге дипломдору тапшырылгандан кийин, алардын бири класстын атынан жазылган ыраазычылык катты окуп берди. Андан соң 15 студент «Жахабаны даңктап ырдагыла» деген ыр китептеги «Кайтаруучулар — адам түрүндөгү белектер» деген 123-ырды музыканын коштоосу жок жандуу ырдап беришти.