Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышы кандайча уюшулган?
Ар бир жыйналышта аксакалдар кеңеши бар. Аларга жыйналышта жетекчилик жүргүзүү иши тапшырылган. 20 чакты жыйналыш бир районду түзөт. Кыдыруучулук ишке дайындалган аксакалдар мезгил-мезгили менен жыйналыштарга атайын сапар менен барып турушат. Алар райондук көзөмөлчү деп аталат.
Ыйык Китепке негизделген кеп-кеңештер, көрсөтмөлөр Жетектөөчү Кеңеш тарабынан берилет. Жетектөөчү Кеңешти көп жылдардан бери Жахабанын Күбөсү болуп кызмат кылып келаткан адамдардын тобу түзөт. Алар Жахабанын Күбөлөрүнүн Уорикте (Нью-Йорк) жайгашкан бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында кызмат кылышат (Элчилер 15:23—29; 1 Тиметей 3:1—7).