Жахабанын Күбөлөрү илимге кандай карашат?
Биз илимий жетишкендиктерди баалайбыз жана далилдерге негизделген илимий ачылыштарга ишенебиз.
«Илим — бул бизди курчап турган табиятты, андагы иш-аракеттерди жана алардан үйрөнгөн нерселерди изилдеген тармак» («Collins Cobuild Advanced Learner’s English Dictionary»). Ыйык Китеп илимий китеп болбосо да, ал бизди табиятка байкоо салууга үндөйт. Биз илимий ачылыштардын пайдасын көрүп жатабыз. Келгиле, бир нече мисал карап көрөлү.
Астрономия. «Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла. Мунун баарын ким жараткан? Ал жылдыздардын кошуунун эсеби боюнча чыгарат, ар бирин атынан атайт» (Ышая 40:26).
Биология. Сулайман падыша «Лебанондо өскөн бал карагайлардан тартып дубалга жабышып өскөн иссоп сыяктуу ар кандай өсүмдүктөр жөнүндө, жаныбарлар, канаттуулар, жер жайнаган майда жан-жаныбарлар менен балыктар жөнүндө баяндаган» (1 Падышалар 4:33).
Медицина. «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж» (Лука 5:31).
Метеорология. «Кар сакталган кампаларга кирдиң беле, мөндүр сакталган кампаларды көрдүң беле?.. Жарыктын таралган жолу кайда, чыгыш шамалынын жер бети менен жорткон жолу кайда?» (Аюп 38:22—24).
Биздин адабияттарга табият, илимий ачылыштар тууралуу макалалар чыгып турат. Жаратылышты жакшы билиши үчүн, Жахабанын Күбөлөрү балдарын табият жөнүндө билим алууга үндөшөт. Илим жаатында эмгектенген, алсак, биохимик, математик, физик болуп иштеген көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү бар.
Илим бардык суроого жооп береби?
Илим адамдардын бардык эле суроосуна жооп бере албайт a. Маселен, геологдор жердин кыртышы эмнеден турарын изилдесе, биологдор адамдын организми кандайча иштерин изилдешет. Ушундан улам мындай суроолор туулат. Жер планетасында жашоо кантип пайда болгон? Адамдын органдары эмне үчүн шайкештикте иштейт?
Бул суроолорго Ыйык Китептен гана канааттандырарлык жооп алууга болот (Забур 139:13—16; Ышая 45:18). Андыктан жакшы билим алыш үчүн илимди да, Ыйык Китепти да изилдөө керек.
Кээде илим Ыйык Китепке каршы келгендей сезилет. Бирок каршыдай көрүнгөн андай нерселер Ыйык Китептеги окууларды туура эмес түшүнүп алгандан болот. Мисалы, Ыйык Китепте Жер 24 сааттан турган 6 күндүн ичинде жаралган деп айтылбайт (Башталыш 1:1; 2:4).
Илимге негизделген деп эсептелген айрым теориялардын жетиштүү далили жок жана беделдүү окумуштуулар аларды четке кагат. Табият кылдаттык менен ойлонуштурулуп жаратылган. Андыктан тирүү организмдер мутациянын жана табигый тандалуунун аркасында акырындап өрчүгөн эмес деген тыянакка келген биологдордун, химиктердин жана башкалардын көз карашына кошулабыз.
a Австриялык физик, Нобель сыйлыгынын ээси Эрвин Шредингер: «Жүрөгүбүзгө жакын, биз үчүн абдан маанилүү нерселерге келгенде илимдин тили жок»,— деп жазган. Ал эми Альберт Эйнштейн мындай деген: «Адамзат коомундагы көйгөйлөрдүн баарын аркы-беркини эске албай эле дароо чечип салуу туура эмес экенине ачуу тажрыйбабыздан улам ынандык».