Мазмунун көрсөтүү

Каары кайнаган дин кызматчыларга сылык мамиле кылышкан

Каары кайнаган дин кызматчыларга сылык мамиле кылышкан

 Арменияда райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган Артур Жахабанын Күбөлөрүнүн бир жыйналышына барган. Ал жердеги ишенимдештеринин Ыйык Китепке негизделген адабияттар коюлган текчелер менен эл көп жерде күбөлөндүрүү ишине катыша элек экенин билген. Аларды кызматтын ушул түрүнө катышууга үндөш үчүн Артур жубайы Анна жана Жирайр деген ишенимдеши болуп чакан шаардын эл көп өткөн жерине адабият текчесин коюшкан.

 Өткөн-кеткендер кызыгып, адабият ала башташкан. Кабар айтуунун бул жаңы ыкмасы көп өтпөй эле каршылаштардын да көңүлүн бурган. Адабият текчесинин жанына эки дин кызматчы келип, бири эч нерсе айтпай эле, текчени ыргыта тепкен. Анан Артурду жаакка чаап, көз айнегин жерге ыргытып жиберген. Артур, Анна жана Жирайр дин кызматчыларды тынчтандырганга аракет кылышкан, бирок эч майнап чыккан эмес. Дин кызматчылар текчени тебелеп, адабияттарды чачып салышкан. Алар Жахабанын Күбөлөрүн тилдеп, коркутуп-үркүтүп, анан кетишкен.

 Артур, Анна жана Жирайр үчөө полицияга барып, арыз жазышкан. Алар иштин чоо-жайын түшүндүрүшкөн жана полиция кызматкерлерине, ошо жерде иштегендерге Ыйык Китеп жөнүндө кыскача айтып беришкен. Ал үчөөнү полициянын башчысына алып барышкан. Башында ал болгон иш тууралуу эле билгиси келген. Бирок Артурдун булчуңдары чыккан күчтүү киши болсо да, дин кызматчы жаакка чапканда, жооп кайтарбаганын билгенде аябай таң калган. Анан ишке байланыштуу суроо бербей эле, Жахабанын Күбөлөрү ишенген нерселер жөнүндө сурай баштаган. Ошонун аркасында төрт сааттай сүйлөшүшкөн. Уккандары ушунчалык күчтүү таасир эткендиктен, полициянын башчысы: «Силердин диниңер сонун турбайбы! Мен да кирип алсамбы»,— деген.

Артур менен Анна

 Кийинки күнү Артур адабият текчесинин жанында турганда, мурунку күнү ошол жерде болгон окуяга күбө болгон бир киши келген. Ал Артурду сабыр сактап, дин кызматчы менен мушташып кетпегени үчүн мактаган. Ошондон кийин дин кызматчыларды таптакыр сыйлабай калганын да айткан.

 Ошол күнү кечинде полициянын башчысы Артурга чалып, келип кетишин айткан. Бирок иш тууралуу сүйлөшпөй эле, Ыйык Китепке байланыштуу көптөгөн суроолорду берген. Аларга дагы эки полиция кызматкери кошулган.

 Эртеси Артур полициянын башчысына кайра барып, Ыйык Китепке негизделген видеолорду көрсөткөн. Полициянын башчысы видеолорду көргөнгө башка кызматкерлерди да чакырган.

 Ошентип, дин кызматчылардын жаман жүрүм-турумунун аркасында кабарды такыр уга элек көптөгөн полиция кызматкерлеринин жакшы кабар угушуна эң сонун шарт түзүлгөн. Ошондой эле алар Жахабанын Күбөлөрү тууралуу жакшы ойдо калышкан.