Эмен дарагына чыгып алып тиленчүмүн
«Ата-энем Жахабанын Күбөсү болчу»,— дейт учурда Доминикан Республикасында жашаган Рейчел. Ал сөзүн андан ары мындай деп улайт: «Тилекке каршы, жети жашымда атам Жахабанын Күбөлөрү менен болгон мамилесин үзүп, биздин чындык жолунда жүрүшүбүзгө катуу каршылык көрсөтө баштады. Мага Жахабага сыйыныш абдан кыйын болуп кетти. Атам мага: „Жахабага кызмат кылганыңды токтотсоң, телефон алып берем, Диснейлендге алып барып келем же кредит картасын ачып берем“,— дечү. Кээде атүгүл кол да көтөрчү. Сүйлөй албай калса же баса албай калса, жыйналышка бара албай калат деп ойлочу. Бирок мен багынчу эмесмин. Жыйналышты калтырыш оюма да келчү эмес.
Атам мени эч качан апамдын көзүнчө урчу эмес. „Эгер сени сабаганымды апаңа айтсаң, аны да жаман кылам“,— деп коркутар эле. Мага мушташканды үйрөтөм деп кыйнай берчү. Ал сабагандан калган денемдеги көк алаларды ошого шылтап койчу.
Кичинекей болгондуктан жана атаман катуу корккондуктан анын кылыктарын апама айтчу эмесмин. Жахабага эле айтчумун. Биз Мэрилендде (АКШ) жашачубуз. Үйүбүздүн артында токой бар болчу. Ал жакка барып көпкө чейин ары-бери басып жүрчүмүн. Ошол токойдо сонун эмен дарагы өсөр эле. Ага чыгып, бир бутагына тыпыйып отуруп алып Жахаба менен сүйлөшчүмүн. Ичимде эмне болсо, ошонун баарын төкчүмүн. Чоңойгондо ага кызмат кыларымды да айтчумун. Анан андан: „Мен чоңойгонго чейин мени таштабай, жардам берип турчу“,— деп өтүнөр элем. Жакында келе турган жаңы заманда эмне кыларымды, турмушка чыгарымды, жан дүйнөмдө тынчтык орноп, эчтекеден коркпой жыргап жашаарымды да айтчумун.
Атам мени Жахабадан алыстатыш үчүн бирдемелерди сунуштап кызыктырганда же сабаганда, Жахабанын мени сооротконун, кайраттандырганын дайыма сезчүмүн. Ал мага берилгендигимен жазбаганга, бүк түшүп жатып калбаганга жардам берди.
Он жашымда чөмүлдүм. Эки жылдан кийин пионердик кызматты баштадым. Башында атам чөмүлгөнүмдү да, пионер болуп кызмат кылып жатканымды да билген эмес. Билгенде мени катуу сабап, жаагымды чыгара чапты.
Айрымдар „пионер болгонго өтө эле жашсың“ деп кызматымды токтотконго үндөштү. Алар чыгарган чечимимдин канчалык олуттуу экенин түшүнүп жатканыма шектеништи. Убакыттын өтүшү менен мен жашаган жактагы көптөгөн жаштар Жахабадан алыстай башташты. Алардын отуруштардан башы чыкпай, эси-дартынын баары эле көңүл ачуу болуп калды. Алар мага жыргап жүрүшкөндөй көрүнчү. Кээде мен да ошолордой болгум келчү. „Кабар айтпай эле өзүм теңдүүлөрдөй болуп жыргап жүрө бербеймби?“ — деп ойлонгон күндөрүм болгон. Бирок ушундай ой кылт этери менен баарын Жахабага айтып берчүмүн.
15 жашка чыкканымда саркеч кийимдерди кийип жарнамалагандарды жумушка алган беделдүү бир агенстводон жакшы сунуш түштү. Алар көп акча төлөп берерин айтып, Миландагы (Италия) кеңсесинде иштегенге чакырышты. Ичимен: „Модель болуп иштесем, сүрөттөрүм журналдарга чыгат, атайын уюштурулган кечелерде саркеч кийимдерди кийип чыгам“,— деп кудуңдап сүйүндүм. Пионер болуп кызмат кылып келатканыма дээрлик 3 жыл болуп калган. „Бул жумушта иштесем, жакшы акча табам. Пионер болуп да көпкө чейин кызмат кыла алам“,— деп ойлондум. Атам бизди таштап кетип калган болчу. Ошон үчүн апама да акча жагынан каралашмакмын деген ой келди.
Мен ушул жөнүндө Жахабага айтып тилендим. Апам да көп жылдан бери пионер болуп кызмат кылчу. Аны менен да сүйлөштүм. Мени жакшы көргөн бир аксакал менен да кеңештим. Аны аябай сыйлачумун. Адатымча эле баягы дарагыма барып, дагы тилендим. Жахаба тилегиме аксакал окуп берген аят аркылуу жооп берди. Ал Насаатчы 5:4 болчу. Аятта: „Кудайга убада берсең, аны кечиктирбей аткар,.. берген убадаңды аткар“,— деп жазылган. Мен Жахабага толугу менен кызмат кылам деп убада бергем. Бул жумуш болсо Жахаба менен болгон мамилемди бузуп койчудай экенин түшүндүм. Ошон үчүн ага макул болгон жокмун.
Башыман эмнелер гана өткөн жок. Ошентип жүрүп чоңойдум. Азыр күйөөм Хасер менен бактылуу жашап жатам. Уулубуз Конор тогуз жашта. Хасер аксакал болуп кызмат кылат. Уулубуз болсо чөмүлө элек жарчы. Толук убакыт кызмат кылып келатканыма 27 жылдай болуп калды.
Үйүбүздүн артындагы токойдо өскөн эмен дарагына чыгып алып Жахаба менен узак убакытка чейин сүйлөшкөн күндөрүмдү көп эстейм. Мен андан жардам беришин өтүнчүмүн. Ал суранычымды аткарды. Болгондо да, сонун жол менен ишке ашырды. Ал күч-кайрат берип, сооротуп-жубатып, жетектеп келди. Ушул күнгө чейин анын теңдешсиз Ата экенине кайра-кайра ынанып келем. Ага бүт жүрөгүм менен кызмат кылууну чечкениме аябай сүйүнөм. Ошентип эң туура кылыптырмын!»