Ал ооруга багынган жок
Виржиния деген Жахабанын Күбөсү акинетикалык мутизм деген оору менен алышып келет. Ошол оорудан улам анын денеси толугу менен шал болуп калган. Бирок ал көрөт, угат, көзүн ачып-жумат, башын да кичине кыймылдата алат. Жаман жери, сүйлөй албайт жана өз алдынча тамак жей албайт. Бир кездерде Виржиния дени сак, күүлүү-күчтүү келин болчу. Бирок 1997-жылы жашоосу астын-үстүн болуп кеткен. Бир күнү эртең менен кара куш жагы чыдатпай бир топко чейин катуу ооруган. Айласы кеткен күйөөсү аны ооруканага алып барган. Ошол күнү кечинде Виржиния комага түшүп калган. Эки жумадан кийин эсине келсе эле — жандандыруу бөлүмүндө жатыптыр. Аны жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырып коюшуптур, денеси болсо мойнунан ылдый кыймылдабай калыптыр. Бир нече күн бою ал эч нерсени, атүгүл өзүнүн ким экенин эстей албай койгон.
Андан кийинки жашоосун Виржиния мындай деп баяндайт: «Бара-бара эс тутумум кайтып келе баштады. Ошондо Жахабадан жалындуу тилендим. Өлүп калсам, кичинекей уулум эмне болот деп коркчумун, ошон үчүн өлгүм келчү эмес. Ошондуктан болгон күчүмдү жыйнап Ыйык Китептен мүмкүн болушунча көп аяттарды эстегенге аракет кылдым.
Убакыттын өтүшү менен доктурлар мени жандандыруу бөлүмүнөн палатага которушту. Алты ай бою ар кандай ооруканаларда, реабилитациялык борбордо дарыландым. Акыры, үйүмө чыгып келдим. Бирок денем дагы деле жансыз болгондуктан, толугу менен башкалардан көз каранды болчумун. Ошондон улам аябай көңүлүм чөкчү. Өзүмдү эч кимге, атүгүл Жахабага да керегим жоктой сезчүмүн. Ошол эле учурда эми балама кантип кам көрөм деп да тынчсызданчумун.
Өзүмдү колго алыш үчүн абалы меникиндей болгон башка ишенимдештеримдин окуяларын окуй баштадым. Алардын Жахабага кызмат кылыш үчүн эмнелерди кылып жатканын билгенде абдан таң калдым. Ошонун аркасында кыла ала турган нерселерге көңүл топтоп, туура маанай өрчүткөнгө бел байладым. Мурда ооруганга чейин Ыйык Китепти изилдегенге, кабар айтканга, тиленгенге көп убакыт бөлө алчу эмесмин. Эми болсо убактым кенен болчу: күнүгө эртеден кечке чейин бош болуп калдым. Ошон үчүн кайгыга батып отура бербей, Жахаба менен болгон мамилемди бекемдегенге көңүл топтоюн деп чечтим.
Кийин компьютер колдонгонду үйрөнүп алдым. Компьютеримде атайын програмдык жабдык бар. Ал башымдын кыймылына жараша керектүү тамгаларды терип берет. Албетте, ошентип тергенде аябай чарчап калам. Бирок компьютеримдин жардамы менен Ыйык Китепти изилдей алам, ошондой эле башкаларга келечектеги жакшы заман жөнүндө айтып бериш үчүн кат жаза алам же электрондук каттарды жөнөтө алам. Башкалар менен сүйлөшүш үчүн тамгалар жазылган атайын тактаны колдоном. Жанымдагы киши улам бир тамганы көрсөтүп турат. Туура эмес тамга көрсөтүлгөндө, көзүмдү чоң кылып ачам, ал эми туура тамга көрсөтүлсө, көзүмдү жумуп коём. Ошондой жол менен сөздөрдү чогултуп, анан сүйлөмдөрдү түзөбүз. Айрым ишенимдештерим мени менен көп убакыт өткөргөндүктөн, сөзүмдү айта электе эле түшүнүп калышты. Бирок кээде алар деле жаңылып калат. Андайда баарыбыз күлүп алабыз.
Жыйналышка катышканды, жыйналыштагылар менен аралашып жүргөндү аябай жакшы көрөм. Мурда жыйналыштарды трансляция аркылуу көрчүмүн. Азыр видеобайланыш аркылуу катышып жатам. Жолугушуудан жооп бергим келгенде жоопторумду терип берем. Анан кимдир бирөө аны окуп берип коёт. Ошондой эле чакан топ болуп видео менен байланышып, ай сайынкы JW телеберүүсүн көрүп турабыз a.
Ушул оору менен 23 жылдан бери күрөшүп келем. Кээде кайгынын чеңгелинде калган учурларым да болот. Бирок андай терс сезимдерге алдырбаганга жалындуу тиленүү, ишенимдештерим менен пикирлешүү жана кызмат менен алек болуу чоң жардам берет. Жыйналыштагы ишенимдештеримдин колдоосу менен 6 жылдан ашык убакыттан бери көмөкчү пионер болуп кызмат кылып келатам. Уулум Алессандрого да жакшы үлгү болгонго аракет кылам. Уулум үйлөнгөн, учурда аксакал болуп кызмат кылат. Ошондой эле келиним экөө үзгүлтүксүз пионердик кызматты аркалап келатышат.
Келечектеги Бейиште эмнелерди кыла аларым жөнүндө көп ойлоном. Баарынан да Жахаба Кудайыма өз үнүм менен кайрыла ала турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам. Сууну бойлой сейилдеп, кооз жаратылышка да суктангым да келет. Жыйырма жылдан бери түтүк аркылуу жалаң гана суюк тамак ичип келаткандыктан алма бактан алма үзүп, тиштеп жей турган учурду да эңсеп келем. Анан, албетте, италиялык болгондон кийин улуттук тамактарымды аябай сагындым. Өзгөчө, пицца жасап жей турган учурду самап келем.
„Куткарылуу үмүтү“ акылымды жаман ойлордон коргоп келет (1 Тесалоникалыктар 5:8). Өзүмдү жаңы заманда жашап жаткандай элестетип, майып болсом да, кубанычка бөлөнөм. Бул оорудан жакында арыларыма түк да шектенбейм. Жахаба өзүнүн Падышалыгы аркылуу алып келе турган „чыныгы жашоону“ күн санап күтүп жатам» (1 Тиметей 6:19; Матай 6:9, 9).
a JW телеберүүсүн jw.org сайтынан көрсө болот.