Азиз аялдын тилеги орундалган
Бир жолу Янми — Азияда жашаган Жахабанын Күбөсү — Миңжи деген азиз аялды жолдон өткөрүп койгон a. Миңжи ага рахмат айтып: «Кудай батасын берсин»,— деген. Ошондо Янми андан Ыйык Китепти изилдегиси келер-келбесин сураган. Көрсө, Миңжи Кудайдын чыныгы кызматчыларын тапсам экен деп күнүгө тиленчү экен. Эмне үчүн?
2008-жылы Миңжинин көзү көрбөгөн досу аны майыптардын чиркөөсүнө чакырыптыр. Чиркөөдө айтылган баяндан кийин Миңжи дин кызматчыдан кайсы китептен цитата кылганын сураган. Ал ага Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китеп экенин айткан. Ошондо Миңжи ал китепти аябай окугусу келип калган. Ошол себептен ал кытай тилинде чыккан Брайл арибиндеги Ыйык Китепти тапкан. 32 томдон турган ал китепти дээрлик 6 айдын ичинде окуп чыккан. Ыйык Китепти окуганынын аркасында ал чиркөөсүндө окуткан Үчилтик окуусунун жалган экенин жана Кудайдын ысмы Жахаба экенин түшүнгөн.
Убакыттын өтүшү менен Миңжи чиркөөдөгүлөрдүн жаман мамилесинен көңүлү кала баштаган. Ал алардын Ыйык Китепке ылайык жашабай турганын түшүнгөн. Негизи, чиркөөдө баарына тамак берилчү. Бирок көзү көргөндөргө жаңы жасалган тамактан берип, азиздерге болсо эскирип калган тамактарды берип коюшчу. Андай адилетсиздиктен улам Миңжинин көңүлү чөгүп, жашаган жериндеги башка чиркөөлөрдү издей баштаган. Ошондуктан ал Кудайдын чыныгы элин тапсам экен деп тиленип жүрүптүр.
Янминин кылган жакшылыгына ыраазы болгондуктан ал аны менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон. Кийинчерээк Миңжи Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуусуна барган. Миңжи мындай дейт: «Ал жакка биринчи жолу барганым такыр эсимен кетпейт. Баары мени жылуу тосуп алышты. Ошонусуна аябай таасирлендим. Азиз болсом да, алардын чын жүрөктөн сүйүү көрсөтүп жатканын сездим».
Миңжи андан ары Ыйык Китепти изилдеп, жыйналыштарды калтырбай бара баштаган. Ага өзгөчө Падышалык ырлары жаккан. Бирок Брайл арибинде ыр китеп жок болгондуктан, ырдай албай кыйналчу. Анткен менен жыйналыштагылар жардам берип, ал өзүнө ыр китеп жасап алган. 151 ырдын баарын жасаганга 22 саат кеткен! Миңжи 2018-жылдын апрель айынан тарта жакшы кабар таратуу ишине катышып, ал ишке ай сайын 30 сааттай арнай баштаган.
Миңжиге өзүн Кудайга арнап, чөмүлгөнгө жардам бериш үчүн Янми «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» китебиндеги суроолорду жана Ыйык Китептеги аяттарды аудио кылып жаздырып берген. Ошентип, Миңжи 2018-жылдын июль айында чөмүлгөн. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Жыйынга келген ишенимдештеримдин сүйүүсүнө бөлөнүп, жүрөгүм аябай козголду. Акыры, Кудайдын чыныгы кызматчыларын тапканыма сүйүнүп, көзүмө жаш алдым» (Жакан 13:34, 35). Азыр Миңжи, бир кезде башкалар ага жакшылык кылгандай эле, жакшылык кылып атат. Учурда ал убактысынын баарын Кудайга кызмат кылууга арноодо.
a Ысымдар өзгөртүлдү.