Мазмунун көрсөтүү

Сел менен келген жакшы кабар

Сел менен келген жакшы кабар

 2017-жылы 12 Жахабанын Күбөсү Никарагуадагы Москиттүү жээктен кеме менен саякатка аттанышкан. Алардын кемеси «Стури ямни» деп аталган. Ал саякатчылардын бири Стивен мындай деп эскерет: «Биздин максатыбыз обочо аймакта жашаган аз сандагы ишенимдештерибизди бекемдөө жана аларга өздөрүнүн чоң аймагында жакшы кабарды таратканга жардам берүү эле».

 Алар Лагуна-де-Перлас деген шаардан чыгып, Рио-Гранде-де-Матагальпа дарыясы менен 200 чакырымдай сүзүп отурушкан. Ал ишенимдештерибиздин кемесинин аты мискито тилинде «жакшы кабар» дегенди билдирген. Дарыяны бойлой жашаган адамдар үчүн алардын кемесинин аталышы өзгөчө мааниге ээ болорун такыр билишкен эмес. Түнкүсүн токтогондорун эсептебегенде, алар 12 сааттай жол жүрүшкөн. Акыры, көздөгөн жерине — Ла-Крус-де-Рио-Грандеге — жетишкен. Аларды жергиликтүү 6 Жахабанын Күбөсү кучак жайып тосуп алган.

 Ошол түнү табигый кырсык болгон. Алай-дүлөй түшкөн шамалдан кийин жаан чакалап куюп, Рио-Гранде-де-Матагальпа дарыясы жээгинен ташып кеткен. Бир нече сааттын ичинде эле суу көтөрүлүп, эки күн бою көбөйө берген. Натыйжада Ла-Крустагы Падышалык залын жана көптөгөн үйлөрдү суу каптап калган. Ал жерге барган 12 ишенимдешибиз жергиликтүү тургундарга башка жакка көчкөнгө жардам беришкен. Алардын көбү эки күн бою бир ишенимдешибиздин эки кабаттуу үйүндө баш калкалашкан.

Ла-Крустагы суу каптап калган Падышалык залы

 Үчүнчү күнү кечинде Ла-Крус шаарынын мэри кеме менен келген ишенимдештерибизден жардам сураган. Ал жакта «Стури ямни» кемесинен башка шар аккан сууга туруштук берген жакшы кеме жок болчу. Ошол себептен мэр он чакты куткаруучуну жабыр тарткан аймактарга жеткирип коюуну суранган. Ишенимдештерибиз дароо эле макул болушкан.

 Эртеси эртең менен үч Жахабанын Күбөсү куткаруучулар менен бирге жол тартышкан. Стивен мындай дейт: «Дарыя ээ-жаа бербей толкуп жатты. Тамырынан жулунган бак-дарактар жаныбыздан агып жатты. Ар кайсы жерлерде чоң айлампалар пайда болду. Дарыянын ылдамдыгы болсо саатына 18 километрге чейин жетип жатты». Ыңгайсыздык жараткан ушундай тоскоолдуктарга карабай алар үч аймакка жардам бере алышкан.

 Үч ишенимдешибиз мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, жылуу сөзгө зар болуп турган кыштактардын тургундарын сооротуп-жубатышкан. Андан тышкары, 2017-жылы чыккан «Ойгонгула!» журналын таратышкан. Кызыктуусу, ал «Кырсык болгондо өмүрдү сактап кала турган кадамдар» деп аталган.

 Дарыянын боюнда жашаган адамдар иш жүзүндө көрсөтүлгөн жардамга жана Ыйык Китепке негизделген жылуу сөздөргө аябай ыраазы болушкан. Айрымдары: «Алар оор учурларда биринчилерден болуп жардамга келишет»,— деп айтышкан. Дагы башкалары: «Алар адамдарды чындап жакшы көрөт»,— дешкен. Жахабанын Күбөлөрүнүн ишенимдештерине жана башкаларга жардам бериш үчүн кандай күч жумшашканын көргөндө көптөгөн тургундар Ыйык Китептеги соороторлук кабарды укканга дилгир болуп калышкан.

12 ишенимдешибиздин бири Марко «Струри ямни» кемесин калтырып, жакшы кабар айтканы кыштактарга баратат

«Стури ямни» кемеси суу каптап калган кыштакта токтоп турат