ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ
«Жандырмагы жок суроолорум арбын эле»
Туулган жылы: 1976
Өлкөсү: Гондурас
Мурун: Чиркөөнүн пастору
ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН
Мен Гондурастын Ла-Сейба шаарында жарык дүйнөгө келгем. Беш баланын кичүүсүмүн, жалгыз эркекмин. Үй-бүлөбүздө мен эле дүлөймүн. Биз жашаган аймак өтө кооптуу эле, жакыр да турчубуз. Төрт жашымда атам жумушундагы кырсыктан каза болуп калды. Ошондо өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп жашообуз ого бетер оорлоп кетти.
Апам бизди багыш үчүн жаны калбай эмгектенчү. Ошентсе да тапкан-ташыганы кийим-кечеге жетчү эмес. Жылуу кийимдерим жок болгондуктан жаан-чачындуу мезгилде үшүп-тоңуп эле жүрчүмүн.
Чоңойгондо башкалар менен сүйлөшүш үчүн гондурас жаңдоо тилин үйрөндүм. Бирок апам менен эжелерим ал тилди билчү эмес. Мага бир нерсени өздөрү ойлоп тапкан жаңсоолор менен түшүндүрө турган. Апам мени жакшы көргөндүктөн жамандыктан коргош үчүн бүт күчүн жумшады. Ал жаңдап белги берип чылым чекпегенге, ичкилик ичпегенге үйрөтөр эле. Андай жаман нерселерден алыс болуп чоңойгонум үчүн апама аябай ыраазы болом.
Бала чагымда апам мени дайыма католик чиркөөсүнө алып барып турчу. Бирок ал жакта айтылгандарды эч ким жаңдоо тилине которуп бербегендиктен, башыма эч нерсе кирчү эмес. Акырында тажаганыман он жашыман баштап ал жакка барбай калдым. Анткеним менен Кудай жөнүндө билгим келе берчү.
1999-жылы 23 жашымда евангелисттердин чиркөөсүнөн болгон америкалык бир аялга жолуктум. Ал мага Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам берди. Ошондой эле америка жаңдоо тилин үйрөттү. Ыйык Китептен билгендерим аябай жаккандыктан пастор болууну чечтим. Ошондуктан дүлөй адамдар үчүн ачылган христиандардын окутуу борборунан билим алам деп Пуэрто-Рикого көчүп кеттим. 2002-жылы Ла-Сейбага кайтып келип, досторумдун жардымы менен дүлөйлөр үчүн чиркөө ачтым. Ошол досторумдун бири Патриция кийинчерээк колуктум болуп калды.
Чиркөөнүн пастору катары гондурас жаңдоо тилинде баян айтчумун, Ыйык Китептеги окуялар чагылдырылган сүрөттөрдү көрсөтчүмүн, дүлөйлөргө ал аңгемелерди жаңсап түшүндүрүп, аткарып да берчүмүн. Ошондой эле жакын жайгашкан шаарлардагы дүлөй адамдарга барып, аларды кайраттандырып, көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берчүмүн. Ал тургай миссионердик сапар менен Кошмо Штаттарга, Замбияга чейин барып келгем. Бирок, чын-чынына келгенде, Ыйык Китеп жөнүндө анчалык деле көп билчү эмесмин. Мага башкалар айтып бергендерди, сүрөттөрдөн түшүнгөнүмдү эле айта берчүмүн. Ачыгын айтсам, жандырмагы жок суроолорум арбын эле.
Бир күнү чиркөөмдүн мүчөлөрү мен жөнүндө ушак-айың таратып жүргөнүн билип калдым. Алар мени аракеч, аялынын көзүнө чөп салып жүрөт деп айтышыптыр. Алардан мындайды күткөн эмес болчумун. Ушунчалык ачуулангандыктан Патриция экөөбүз көп өтпөй эле чиркөөдөн кетип калдык.
ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ
Негизи, Жахабанын Күбөлөрү үйүбүзгө көп келчү. Биз алар менен сүйлөшкүбүз келчү эмес. Бирок чиркөөдөн кеткенден кийин Патриция бир жубайлар менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Томас жана Ликси деген ал Жахабанын Күбөлөрүнүн дүлөй болбосо да жаңдоо тилин билгени мени аябай таң калтырды. Көп узабай мен да Патрицияга кошулуп, Ыйык Китепти изилдей баштадым.
Бир нече ай америка жаңдоо тилиндеги видеолор менен Ыйык Китепти изилдедик. Бирок айрым досторубуз Жахабанын Күбөлөрү кайсы бир адамдын жолун жолдошот деп айтышты. Биз буга ишенип алып Ыйык Китепти изилдебей калдык. Томас мага чынында Жахабанын Күбөлөрү адамдын артынан ээрчибей турганына далилдерди келтирип берсе да, ага ишенбей койдум.
Бир нече айдан кийин Патриция депрессияга чалдыгып, оорусу өтүшүп кетти. Ошондо ал Кудайдан ага Жахабанын Күбөлөрүнүн дагы бир жолу келишин сурап тиленген. Көп өтпөй эле Жахабанын Күбөсү болгон кошуна аял үйгө келди. Ал Ликсиден Патрицияга келип кетишин сурангандыктан, Ликси үйгө келе баштады. Ликси чындап дос экенин көрсөттү. Патрицияга жардам берип, аны менен Ыйык Китепти изилдеш үчүн жума сайын келип турду. Бирок мен дагы деле Жахабанын Күбөлөрүнө ишеним арта албай жаттым.
2012-жылы Жахабанын Күбөлөрү гондурас жаңдоо тилиндеги «Чындыкты билгиңер келеби?» деген DVD дискти таратуу боюнча атайын өнөктүк өткөрүштү. Ликси бизге да ошондой диск алып келди. Ал жерден көргөндөрүм таң калтырбай койгон жок. Себеби андан өзүм окутуп жүргөн тозок оту, жандын өлбөстүгү сыяктуу окуулардын Ыйык Китепке дал келбей турганын билдим.
Кийинки жума Томас менен сүйлөшүш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залына бардым. Ага кулагы укпаган адамдарга Ыйык Китептеги чындыкты билүүгө жардам бергим келерин айттым. Чын-чынында Жахабанын Күбөсү болуу оюмда жок болчу. Максатым дүлөйлөр үчүн жеке өзүмдүн чиркөөмдү ачуу эле. Томас мени кайрадан күйүп-жанып жатканым үчүн мактады. Бирок Эфестиктер 4:5ти окуп, Исанын чыныгы жолдоочуларынын жыйналышында биримдик болушу керектигин айтты.
Андан тышкары, Томас мага америка жаңдоо тилиндеги «Жахабанын Күбөлөрү — ишенимин иш жүзүндө көрсөткөндөр. 1-бөлүк: Караңгылыктан чыгуу» деген дискти берди. Ал тасмада чакан топтогу адамдардын Ыйык Китептеги негизги окуулар тууралуу чындыкты түшүнүш үчүн аны кылдат изилдегени көрсөтүлгөн. Аны көрүп жатып өзүмдү эстедим. Мен да алардай болуп, чындыкты издеп жүргөм. Ал тасмада Жахабанын Күбөлөрү чындыкты окутарына, бардык окууларын Ыйык Китепке гана негиздешерин түшүнүүгө жардам берди. Ошентип, Ыйык Китепти кайрадан изилдеп баштадым. Кийин 2014-жылы Патриция экөөбүз чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болдук.
ПАЙДАСЫ
Мага Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуулары аябай жагат. Анткени Кудай таза болгондой эле, ал жактагы адамдар да таза. Алар таза эмес сөздөрдү сүйлөшпөйт, башкаларга жакшы мамиле кылышат. Тынчтыкты сүйгөн, бири-бирине кам көргөн адамдар. Жахабанын Күбөлөрүнүн баарынын ою бир. Алар каякта жашабасын, кайсы тилде сүйлөбөсүн, Ыйык Китептеги чындыкты бирдей окутушат.
Мага Ыйык Китепти изилдеген абдан жагат. Мисалы, мен андан Жахабанын Кудуреттүү Кудай, ааламдын Эгедери экенин билдим. Ал баарыбызды, анын ичинде дүлөйлөрдү да жакшы көрөт. Кудайдын мага көрсөткөн сүйүүсүнө миң мертебе ыраазымын! Андан тышкары, Ыйык Китептен жакында жер бети кооз бейишке айланарын, чың ден соолукта түбөлүк өмүр сүрөрүбүздү билдим. Ушунун баары ишке аша турган заманды эңсеп күтүп келем!
Патриция экөөбүз башкаларга Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө айтканды жакшы көрөбүз. Учурда мурунку чиркөөбүздүн айрым мүчөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жатабыз. Мурда пастор кезимде өзүм окуткан нерселерге байланыштуу суроолордун жообун билчү эмесмин. Азыр болсо Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегенимдин аркасында жандырмагы жок суроолорумдун баарына жооп алдым.