Мазмунун көрсөтүү

Бельгиядагы 2021-жылкы Эскерүү кечесине онлайн катышып жаткан үй-бүлө

16-АПРЕЛЬ, 2021
БЕЛЬГИЯ

2021-жылдын Эскерүү кечеси. Бельгияда аземди белгилегендердин саны жогорку көрсөткүчкө жетти

2021-жылдын Эскерүү кечеси. Бельгияда аземди белгилегендердин саны жогорку көрсөткүчкө жетти

2021-жылы Бельгияда Эскерүү кечесине — Жахабанын Күбөлөрү үчүн абдан ыйык эсептелген кечеге — 49 040 киши катышты. Бул өлкөдө Эскерүүгө катышкандардын ушундай жогорку саны 1995-жылдан бери каттала элек болчу. Жолугушууга өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн санынан дээрлик эки эсе көп киши келген.

Бул диний жолугушууга ушунча көп кишинин келгени көңүлгө аларлык. Анткени Бельгияда динге карманбагандар барган сайын көп болуп баратат. Мисалы, 1970-жылы бельгиялыктардын 90 пайызынан көбү өздөрүн динчил адам деп эсептесе, 6 пайыздан көбү динчил эмес экенин айтышкан. Ал эми учурдагы сурамжылоого ылайык, Бельгиядагы христиандардын саны 60 пайызга азайган. Кудайга ишенбегендердин саны болсо 40тан ашуун пайызга өскөн.

Акыркы жылдары Бельгиядагы жалпыга маалымдоо каражаттары Жахабанын Күбөлөрүнө карата бейкалыстыкты жараткан же жалган маалыматты жарыялаган учурлары болгон. Ошого карабай Жахабанын Күбөлөрү тууралуу так маалымат тапкысы келген бельгиялыктардын саны көбөйүүдө. Алардын көбү Жахабанын Күбөлөрүнүн бири-бирин чындап жакшы көрөрүн өз көзү менен көрүп, Ыйык Китептеги билимдин жашоосуна жакшы таасир этип жатканын сезишүүдө (Жакан 13:35).

Ишенимдешибиз жаңы чөмүлгөн кыз менен «Кудайдын сүйүүсүнөн канткенде айрылбайбыз?» китебин изилдеп жатат. Ал кыз да 2021-жылы Эскерүүгө катышкан

2021-жылы, февралда Бельгиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын жогорку саны 11 804 кишиге жеткенин билдирген. Бул былтыркы кызмат жылындагы Ыйык Китепти изилдегендердин орточо санына караганда 1 000 эсе көп. Акыркы беш жылдын ичинде жыл сайын орто эсеп менен 450 киши чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон.

Бельгиядагы өсүш дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрү күбө болуп жаткан пайгамбарлыктын аткарылышынын чети гана. Ал пайгамбарлыкта: «Аздан миң, кичинеден күчтүү эл чыгат»,— деп жазылган (Ышая 60:22).