Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 21-ОКТЯБРЬ
ГЕРМАНИЯ

Бранденбургдагы эркиндик аземинде Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө сөз болду

Бранденбургдагы эркиндик аземинде Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө сөз болду

ЗЕЛЬТЕРС, Германия. 2016-жылдын 24-апрелде Бранденбург-Гёрден түрмөсүнүн жоюлганына 71 жыл болду. Ошол эркиндик аземинде Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө сөз болду.

Аземге келгендерге дарс окуп жаткан мамлекеттик катчы Даниела Трочовски.

Бранденбург мемориалдык фонду (Stiftung Brandenburgische Gedenkstätten) демөөрчү болгон бул азем Берлинден 90 чакырымдай алыс жайгашкан Бранденбург ан дер Хавел түрмөсүндө (жогорудагы сүрөттө көрсөтүлүп турат) өткөрүлдү. Аземге 200дөн ашык киши келди. Бранденбургдагы бул аземди каржылоого жооптуу болгон мамлекеттик катчы Даниела Трочовски келгендерге дарс окуду. Ал мындай деди: «Бул түрмөдө Жахабанын Күбөлөрү диний ишениминен улам „Хайль Гитлер“ деп айтуудан баш тартканы, мамлекеттик уюштуруу иштерине катышпаганы, аскер кызматынан баш тартканы үчүн өлүм жазасына тартылган».

Сигурд Спейдел — Бранденбург-Гёрден түрмөсүндө нацисттер тарабынан өлтүрүлгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн бири.

Нацисттик режим учурунда Германиянын канцлери Адольф Гитлер Жахабанын Күбөлөрүн «тукум курут кылынышы керек болгон эл» деп атаган. 1940—1945-жылдардын ичинде Бранденбург-Гёрден түрмөсүндө (нацисттик режим учурунда түрмө ушундай деп аталчу) 2 000дей киши өлтүрүлгөн. Алардын 127си Жахабанын Күбөсү болгон. Алардын баары диний ишеними үчүн өлтүрүлгөн.

24-апрелде өткөрүлгөн ал аземдин программасында Германиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалынын өкүлү Йохен Фебенбехер Вернер Спейделден дил маек алды. Вернер мырза улуу агасы Сигурддун Жахабанын Күбөсү болгону үчүн Бранденбург-Гёрден түрмөсүндө өлтүрүлгөнүн айтып берди. Аскердик сотто соттолуп, түрмөгө камалганынан үч ай өтүп-өтпөй, 1943-жылы 27-январда, 19 жаштагы Сигурддун башы алынган. Дил маек учурунда Йохен мырза Сигурддун өлөрүнө бир нече саат калганда жазган катын окуп берди. Ал эми Вернер мырза агасынын акыркы катын окуганда үйүндөгүлөрүнүн кандай сезимде болгонун мындай айтып берди: «Катты окуганда эч кимибиз корккон жокпуз. Тескерисинче, ишенимин акырына чейин сактаганы үчүн сыймыктандык».

Сигурд Спейделдин үйүндөгүлөрүнө жазган акыркы каты. Белгиленип турган жеринде мындай деп жазылган: «Мен баарына чыдадым. Дубалдай бекем болуп, багынган жокмун».

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, 1-718-560-5000

Германия: Вольфрам Слупина, 49-6483-41-3110