Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйынына барган Фалкондордун үй-бүлөсү

2017-ЖЫЛ, 3-МАРТ
ГЕРМАНИЯ

Германия соту Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйыны диний майрам деп эсептелсин деген чечим чыгарды

Германия соту Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйыны диний майрам деп эсептелсин деген чечим чыгарды

2012-жылдын апрелинде жети жашар Вивиен Фалкон ата-энесинин өтүнүчү жазылган катты мектептин деректирине алып барган. Алар үй-бүлөсү менен чогуу Жахабанын Күбөлөрүнүн Майнц шаарында өткөрүлө турган үч күндүк региондук жыйынына барышмак. Ошол себептен ата-энеси, кызы жыйындын жума күнкү программасына катыша алышы үчүн, деректирден аны ошол күнү коё беришин суранышкан. Бирок мектептин деректири уруксат бербей койгон. Кызынын Кудай жөнүндө билим алышына кызыкдар болгон ата-энеси, деректир уруксат бербей койгонуна карабай, аны жыйынга алып барышкан. Кийин бул иш боюнча Билим берүү департаментине доо арыз менен кайрылышкан. Региондук жыйындарды диний майрам катары карагандын ордуна, департамент кыздын ата-энесин административдик айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Германиянын мыйзамы боюнча, мектептин уруксатысыз баланы сабактан алып калуу ата-энелердин өкмөттүн алдындагы милдетин аткаруудан баш тартканына тете. Андыктан департаменттин чечими Вивиендин ата-энеси үчүн кесепеттүү болмок. Мындай кылган ата-энелерге айып пул салынат, атүгүл мыйзам олуттуу бузулган учурларда түрмөгө камалат. Ал эми Вивиендин ата-энеси мектептин кызына уруксат бербей койгонун алардын дин тутуу эркиндиги чектегенге жана кызын өздөрүнүн диний ишенимине ылайык тарбиялоого болгон укугун бузгандыкка жатат деп эсептеген.

Диний майрамга байланыштуу маселенин сотто каралышы

Вивиендин ата-энеси, Стефано менен Элайза, департаменттин чечимине макул болбой, административдик сотко кайрылышкан. Алар жыйындын жума күнкү программасын да үй-бүлөсү менен бирге Кудайга сыйынуунун жана ишенимди бекемдөөнүн жакшы мүмкүнчүлүгү катары көрөрүн билдиришкен. Стефано менен Элайза: «Жыйындарыбыз — жыл сайын өткөрүлүп турган маанилүү жана өзгөчө азем»,— деп айтышкан a. Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн жыл сайын өткөрүлгөн региондук жыйынын диний майрам деп эсептеп, алардын пайдасына чечим чыгарган. Билим берүү департаменти Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйындарын Рождество, Пасха жана башка улуттук майрамдар сыяктуу ыйык майрам деп эсептелбей турганын билдирип, жогорку баскычтагы сотко доо арыз менен кайрылган.

2015-жылдын 27-июлунда Гессен аймагынын жогорку административдик соту төмөнкү баскычтагы соттун чечимин колдогон. Жогорку административдик сот диний майрам деген эмне экени диний уюмдардын көз карашына жараша аныкталарын айткан. Сот диний иштер менен өкмөттүн иштеринин ортосундагы айырмачылыкты айкын баса белгилеп, мындай деген: «Диний уюмдардын көз карашы эске алынбаса, өкмөт чиркөөлөргө, диний жана идеологиялык уюмдарга эркиндик берилери жазылган негизги мыйзамды [Германиянын баш мыйзамын] бузуп, алардын көз карандысыздыгын чектеп койгон болот. Өкмөт идеологиялык жана диний бейтараптуулукту сактоого милдеттүү».

Жогорку сот Жахабанын Күбөлөрүнүн расмий веб-сайты тууралуу сөз кылып, анда Жахабанын Күбөлөрү жыйындарын диний майрам катары эсептээри жазылганын айткан. Мындан тышкары, мектептин Стефано менен Элайза Фалкондун кызына уруксат бербей койгону «баланын дин тутуу эркиндигин,.. ошондой эле ата-энелердин балдарына диний, идеологиялык тарбия берүү укугун бузгандыкка жатканын» да баса белгилеген. Сот Билим берүү департаментинин «чечими өлкөдөгү бейтараптуулукка байланыштуу талаптарга каршы келет» деп тапкан.

«Диний аземдерге катышуу балдарга сабактан бошонууга уруксат алганга негиз берет» (Гессен аймагынын жогорку административдик соту).

Ар тараптуу билим

Вивиендин ата-энеси алардын пайдасына чечим чыгарылгандан кийин мындай деген: «Биз Жахабанын Күбөсү катары балдарыбыз үчүн мектептен билим алуу абдан маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз. Аларды жакшы окуганга үндөп турабыз. Ошондой эле Кудай жөнүндө билим берүү да маанилүү деп эсептейбиз. Анткени бул аларга рухий нерселерди баалаганга, Кудай менен жеке мамиле түзгөнгө жардам берет. Натыйжада балдарыбыз башкаларга сүйүү, урмат-сый менен мамиле кылганды үйрөнүп, ар тараптуу билим алышат. Биз сотторго ушундай чечим чыгарганы үчүн абдан ыраазыбыз».

Фалкондордун жактоочусу Армин Пикл мындай деп ой бөлүшөт: «Бул чечим аркылуу Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйындары ыйык майрам катары эсептелери жана ата-энелер балдарын өздөрү туткан диндин окууларына ылайык тарбия берүүгө укуктуу экени баса белгиленди. Эми Жахабанын Күбөсү болгон окуучуларга жыйындарга барууга уруксат берилет. Башка өлкөлөрдө да ушу сыяктуу маселе каралганда соттор бул чечимди эске алышат деп үмүттөнөм».

a Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча өткөргөн региондук жыйындар мурун облустук жыйындар деп аталчу. Үч күнгө созулган андай жыйындарда жаштар да, карылар да Ыйык Китептеги принциптерди жашоодо кантип колдонсо болорун үйрөнүшөт.