2019-ЖЫЛ, 7-ЯНВАРЬ
ГРЕЦИЯ
Эркин кабар айтуу үчүн жүргүзүлгөн, жарым кылымга созулган күрөш
80 жыл мурун 13 айга сүргүнгө айдалган Минос Коккинакисти алып бараткан түрмөнүн кемеси Эгей деңизиндеги Грецияга караштуу Аморгос аралына келип токтогон. Грециянын соту прозелитизмге тыюу салган жаңы мыйзамды бузду деген айып менен Минос Коккинакисти сураксыз эле кесип жиберген болчу. Минос Коккинакис — Грециянын диктатору Иоаннис Метаксас киргизген мыйзамдын негизинде 1938-жылдан 1992-жылга чейин камалган 19 147 Жахабанын Күбөсүнүн биринчиси. Ошол ондогон жылдардын ичинде Грециядагы жүздөгөн кайраттуу ишенимдештерибиз жакшы кабарды жарыялаганы үчүн ур-токмокко алынып, кесилип, түрмөлөргө камалган.
Коккинакис бир тууган 30 жаштарында диний ишеними тууралуу айтууга болгон укугун коргош үчүн 50 жылга созулган күрөштү баштаган. Ал 60тан ашык жолу камалып, 6 жылдан ашык убакыт бою дагы башка Жахабанын Күбөлөрү менен бирге адам чыдагыс оор шарттагы түрмөлөрдө отуруп, аралдарда сүргүндө жүргөн. Минос Коккинакис акыркы жолу 77 жашында соттолуп, адилетсиз түрдө кесилген. Ал соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, кийинки баскычтагы сотторго кайрылган. Акырында анын иши Грециянын Жогорку сотуна жетип, кайра эле ага каршы чечим чыгарылган. Коккинакис бир тууган Греция анын дин тутуу эркиндигин чектеп жатканын ырастап, Адам укуктары боюнча Европа сотуна (АУЕС) кайрылган. 1993-жылы АУЕС биринчи жолу өлкө жаранынын дин тутуу эркиндигин чектеп, укугун тепселеп жатат деген чечим чыгарган a. Ошентип, Минос Коккинакис 84 жашында сотто жеңишке жеткен. 2018-жылы ошол тарыхый чечимдин 25 жылдыгы белгиленген. Эл аралык укук боюнча бир профессордун айтканына ылайык, «Коккинакистин иши» «Адам укуктары боюнча Европа соту дин тутуу эркиндигине байланыштуу маселелерди караганда көп мисал кылган иштердин бири болсо керек».
«Коккинакистин ишине» байланыштуу чечим ушундай маселелерди кароодо үлгү же мисал катары колдонулууда. Бул биз үчүн зор мааниге ээ чечим, себеп дегенде бүгүнкү күндө да Орусия сыяктуу күчтүү өлкөлөр бир туугандарыбыздын эркин сыйынууга болгон укугун таануудан баш тартып жатышат.
Ишеними күчтүү болгон жана кызматын туруктуулук менен аткарган Коккинакис бир тууган кабар айтканы үчүн каршылыктарга туш болуп жаткан ишенимдештерибизге мыкты үлгү калтырган. Анын ишенимдүүлүгүн сактаганынын аркасында жеңишке жеткени бир туугандарыбызга азыркы күнгө чейин пайдасын тийгизүүдө (Римдиктер 1:8).
a Минос Коккинакис 1999-жылдын январь айында каза болгон.