Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 27-ИЮЛЬ
ГРЕЦИЯ

Грецияны каптаган өрт

Грецияны каптаган өрт

Катуу шамалдан улам күч алган өрттүн кесепетинде Грециянын борбор шаары Афинынын тегерек-четинде жашаган адамдар катуу жабыркап, үйлөр өрттөнүүдө. Бул кырсыктан, бери дегенде, 76 киши каза таап, 187 киши жаракат алды. Адам өмүрүн алып кеткен мындай өрт өлкөдө он жылдан ашык убакыттан бери боло электиги айтылууда.

Грециядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы ишенимдештерибиздин эч кимиси каза болбогонун жана жаракат албаганын билдирди. Бирок кырсык болгон аймакта жашаган бир туугандардын баары башка жакка көчүүгө аргасыз болушту. Учурда алар коңшу жыйналыштардагы бир туугандардын үйлөрүнө баш калкалоодо. Андан тышкары, Жахабанын Күбөлөрүнө таандык болгон 4 үй катуу талкаланган жана бир үйдүн таш-талканы чыгып калган.

Биз бул кырсыктан жапа чеккен бир туугандар үчүн, ошондой эле аларды турак-жай менен камсыз кылып, бир туугандык сүйүү көрсөтүп жаткан ишенимдештерибиз үчүн тиленип турабыз (Жакан 13:34, 35). Жахабанын ушундай оор учурда бир туугандарыбызды колдоп турарына толук ишенебиз.