Мазмунун көрсөтүү

Жапониянын түндүк-чыгышында болгон жер титирөөдөн кийин Фукусима префектурасында жер көчкү жүргөн

23-ФЕВРАЛЬ, 2021
ЖАПОНИЯ

Жапонияда кубаттуулугу 7,3 балл болгон жер титирөө болду

Жапонияда кубаттуулугу 7,3 балл болгон жер титирөө болду

Болгон жери

Жапониянын түндүк-чыгышы, негизинен Фукусима жана Мияги префектурасы

Кырсык

  • 2021-жылдын 13-февралында кубаттуулугу 7,3 балл болгон зилзаланын айынан көптөр электр жарыгысыз, суусуз калышты. Бул кырсыктан көп аймактар, 2011-жылы кубаттуулугу 9 балл болгон жер титирөөдөн талкаланган аймактар, талкаланды

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 11 жарчы жаракат алган

  • Көп ишенимдештерибиз убактылуу электр жарыгысыз, суусуз калышкан

Мүлккө келтирилген зыян

  • 10 Падышалык залынын анча-мынча жери зыян тартты

  • 205 үйдүн анча-мынча жери талкаланды

  • 13 үй катуу зыянга учурады

Жардам берүү иштери

  • Жабыркаган аймактагы райондук көзөмөлчүлөр жана аксакалдар жарчыларды Ыйык Китептин негизинде сооротууда. Ошол эле учурда баары COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларына карманышууда

  • Жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмүнүн (ЖДК) өкүлдөрү жана ЖДКнын ыктыярчылары Падышалык залдары жана ишенимдештерибиздин үйлөрү канчалык зыянга учураганын аныктоодо

Биз бул кырсыктан жабыр тарткан ишенимдештерибизге Жахаба күч бере берсин деп тиленип турабыз (Филипиликтер 4:13).