Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 23-ОКТЯБРЬ
ЖАПОНИЯ

Жапонияны бүлгүнгө учураткан «Хагибис» тайфуну

Жапонияны бүлгүнгө учураткан «Хагибис» тайфуну

2019-жылы 12, 13-октябрда Жапонияда «Хагибис» тайфуну болуп, бери дегенде, 77 киши өмүрүнөн айрылды. Катуу сел жүргөндүктөн, он миңдеген үйлөр электр жарыгысыз, таза суусуз калды. Айрым аймактарда жаан нөшөрлөп жаап, суунун деңгээли 1 метрдей көтөрүлгөн. 1958-жылдан бери Жапонияда мынчалык күчтүү тайфун боло элек болчу. Дайыны табылбай жаткандарды издөө иши дагы деле улантылууда.

Жооптуу бир туугандар ал жактагы ишенимдештерибиздин баары менен байланышып, эч кимиси каза болбогонун аныкташты. Анткен менен 10 ишенимдешибиздин анча-мынча жабыр тартканы билинди. Андан сырткары, баш-аягы 23 Падышалык залы жана ишенимдештерибиздин 1 200дөн ашуун үйү зыянга учураган. Суу каптап калгандыктан же электр жарыгы өчүп калгандыктан, 3 Падышалык залы убактылуу колдонулбай калды. Точиги шаарындагы жыйындар залына да анча-мынча доо кеткен.

Фукусима жана Нагано региондорунда Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери (КБЖБК) уюштурулду. Башка аймактар тайфундан канчалык зыян тартканы аныкталгандан кийин, андай комитеттер дагы уюштурулушу мүмкүн. Жабыр тарткан ишенимдештерибиз тамак-аш, таза суу менен камсыз кылынууда. Ошондой эле ал жактагы райондук көзөмөлчүлөр Ыйык Китепти колдонуп, ишенимдештерин жубатып-бекемдөөдө.

Жахабанын оор жагдайга кабылган ал бир туугандарыбызды мындан ары да колдоп-коргой турганына толук ишенебиз (Забур 142:5).