Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 20-АПРЕЛЬ
ЖАПОНИЯ

«Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы жапон тилинде жарык көрдү

«Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы жапон тилинде жарык көрдү

2019-жылдын 13-апрелинде, ишемби күнү, Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы жапон тилинде чыкканын жарыялады. Бул басылыштын жарык көргөнү Жапониянын Кобе шаарындагы Ноевир стадионунда өткөрүлгөн атайын жолугушууда кулактандырылды. Стадионго 20 868 киши келди. Программа сегиз жыйындар залдарына жана филиалдын аймагына караштуу көптөгөн Падышалык залдарына трансляцияланды. Ал эми программаны түз эфирден көрө албаган бир туугандар анын видеожаздыруусун ошол күнү кечирээк жана эртеси Падышалык залдарынан көрө алышты. Ошол дем алыш күндөрү атайын жолугушууну, жалпысынан алганда, 220 491 киши көрдү.

Кобе шаарындагы Ноевир стадиону

Биз жапон тилиндеги 2 950дөн ашуун жыйналышта, топтордо жана башталгыч топтордо кызмат кылган, «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышын алган бир туугандардын кубанычына ортоктош болуп жатабыз. Бул басылыш, чынында эле, өздүк изилдөөдө жана кызматта колдоно турган, Жахаба берген өзгөчө белек! (Еврейлер 4:12).

«Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышын алганына кубанып жаткан бир туугандар

«Жаңы дүйнө котормосу» Жапонияда мындан 45 жыл мурун жарыкка чыга баштаган. Жетектөөчү Кеңеште кызмат кылган Лайман Суингл 1973-жылы Жапониянын Осака шаарында өткөн, «Кудайдын жеңиши» деп аталган эл аралык жыйында Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» жапон тилинде чыкканын кулактандырган. Ошондон кийинки тогуз жылдын ичинде анын 1 140 000 нускасы таратылган. Бул ошол учурдагы Жапониядагы жарчылардын санынан болжол менен 75 эсеге көп болгон. 1982-жылы Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен Жапонияда басылып чыгарылып, мукабаланган. Ал эми 2019-жыл Жапониядагы Жахабанын эли үчүн тарыхтагы өзгөчө жыл болду. Себеби алар жапон тилинде «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышын алышты.

«Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен же жарым-жартылай которулган тилдердин саны 179га, анын ичинде 2013-жылдагы кайра каралган басылышы толугу менен которулган тилдердин саны 22ге жетти.