23-ИЮЛЬ, 2020
ЖАПОНИЯ
Сел менен коштолгон катуу жамгыр Жапониянын түштүгүн бүлгүнгө учуратты
2020-жылдын июль айынын башында нөшөрлөгөн жаандан кийин Жапониянын Кюсю аралында сел жүрүп, жер көчтү. Бул табигый кырсыктан көбүнчө Кумамото префектурасында Минамата менен Хитоуоши, Фукуока префектурасында Омута шаарларындагы бир туугандарыбыз жабыр тартты. Эки ишенимдешибиз жеңил жаракат алды, калгандары аман-эсен. Тилекке каршы, селдин айынан бир туугандарыбызга тааныдык 48 үй, 2 Падышалык залы, жер көчкүдөн дагы 2 Падышалык залы бүлгүнгө учурады.
Жапониядагы филиалдын көзөмөлү алдында Кюсю менен Окинава аралдарында COVID-19 илдетине кабылгандарга жардам бериш үчүн уюштурулган жардам берүү комитеттери учурда суу каптоодон жабыркангандарга жардам берүү менен да алек. Жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмүнүн өкүлдөрү райондук көзөмөлчүлөр менен биргелешип ыкчам көмөк көрсөтүп жатышат.
«Туруктуулук, сооронуч берүүчү» Жахаба Кудайыбыздан табигый кырсыкка кабылган бул бир туугандарыбызды колдошун сурап тиленип жатабыз (Римдиктер 15:5).