Мазмунун көрсөтүү

Жапониянын түштүк-батышындагы жол жээкке урунуп жаткан алп толкундар

2019-ЖЫЛ, 10-ОКТЯБРЬ
ЖАПОНИЯ

«Тапа» тайфуну Жапониянын түштүгүн бүлгүнгө учуратты

«Тапа» тайфуну Жапониянын түштүгүн бүлгүнгө учуратты

2019-жылдын 21—23-сентябрында «Тапа» тайфунунан улам катуу шамал болуп, жаан нөшөрлөп жаагандыктан, Жапониянын түштүк бөлүгү бүлгүнгө учурады. Мунун кесепетинде учак жана темир жол каттамдары токтотулуп, 30 000ден ашык үй электр жарыгысыз калды. Окинава менен Кюсю аралдарындагы 50дөн ашуун киши жабыр тартты.

Жапониядагы филиал беш жарчынын жабырланганын жана алардын биринин ооруканага жаткырылганын кабарлады. Ишенимдештерибиздин 50дөн ашык үйү зыянга учурады. Кырсык болгондо жардам берүү комитети жана жооптуу бир туугандар жабыр тарткандарды тамак-аш, баш калкалоочу жай менен камсыз кылып, Ыйык Китептин негизинде сооротуп-жубатууда. Жапониядагы филиал андан ары да бул тайфундун кесепетин аныктап, жардам көрсөтө бермекчи.

Жапониядагы бир туугандарыбыз ушундай оор учурда ар кандай жагдайда сооротуп-жубаткан Жахабага таяна берсин деп тиленип турабыз (Забур 94:19).