Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 17-СЕНТЯБРЬ
ЖАПОНИЯ

«Факсай» тайфуну Жапонияны бүлгүнгө учуратты

«Факсай» тайфуну Жапонияны бүлгүнгө учуратты

2019-жылдын 9-сентябрында болгон «Факсай» тайфунунан улам Жапониянын Токио шаарына жакын жайгашкан аймакта жер көчкү болду. Шамалдын ылдамдыгы саатына 180 километрге жетип, 580 000 үй электр жарыгысыз калды. Бери дегенде, үч киши каза тапты.

Жапониядагы филиал жарчылардын эч кимиси каза болбогонун, бирок жети бир туугандын жабыр тартканын билдирди. Алгачкы эсептөөгө ылайык, шамал Тибадагы бир туугандарыбыздын 895 үйүн, 28 Падышалык залын жана бир жыйындар залын талкалаган.

Филиал «Факсай» тайфунунан бир туугандардын канчалык жабыр тартканын дагы деле иликтөөдө. Биз «туруктуулук, сооронуч берүүчү Кудайыбыз» Жахабадан кырсыктан зыян тарткан ишенимдештерибизге колдоо көрсөтө беришин сурап тиленип турабыз (Римдиктер 15:5).