Мазмунун көрсөтүү

Хиросимадагы оңдолгон Падышалык залы

2018-ЖЫЛ, 7-НОЯБРЬ
ЖАПОНИЯ

Жахабанын Күбөлөрү селден жапа чеккендерге жардам берүүдө

Жахабанын Күбөлөрү селден жапа чеккендерге жардам берүүдө

2018-жылдын июль айында сел каптаган Жапониянын батышында 47 000ден ашуун ишенимдешибиз жашайт. Кырсык болгондон көп өтпөй 4 900дөй ыктыярчы Жахабанын Күбөлөрүнүн талкаланып калган үйлөрүн, Падышалык залдарын тазалап, оңдоп-түзөөгө киришкен.

Падышалык залындагы таштандыларды тазалап жаткан ыктыярчылар

Кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү үчүн түзүлгөн үч комитеттин көзөмөлү алдында ишенимдештерибиз тогуз Падышалык залын тазалап, оңдоп-түзөшкөн. Дагы башка Падышалык залдары оңдолууда. Ошондой эле Жахабанын Күбөсүнүн 184 үйү толугу менен же жарым-жартылай оңдолуп-түзөлгөн. Ал эми дагы 11 үйдү ушул жылы оңдоо пландаштырылып жатат.

Эхимедеги Падышалык залынын мурунку жана кийинки абалы

Ишенимдештери үйүн оңдоп берген Эхимедеги Абэ бир туугандын үй-бүлөсү

Жардам көрсөтүлгөндөрдүн арасында үч балалуу Таро менен Кейко Абэ деген бир туугандар да бар. Алардын үйүн суу каптап калгандан үч күн өткөндөн кийин жергиликтүү райондогу бир туугандар келип, үйүн, полун оңдоп беришкен. Андан тышкары, ишенимдештери жаңы керебеттерди, балдары отура турган үстөлдөрдү беришкен.

2018-жылдын 20-сентябрында Жапонияга атайын иш менен жөнөтүлгөн Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Окаямадагы Падышалык залында өткөрүлгөн атайын жолугушууда бекемдээрлик баяндама айткан. Баяндаманы жалпысынан 36 691 киши уккан. Алардын ичинде ошол убактарда Жапонияда болгон тайфундардан, жер титирөөлөрдөн жапа чеккендер болгон. Жеффри бир тууган, кандай кыйынчылык болбосун, Жахабанын аларга кам көрүп, сооротуп-жубатарын баса белгилеген. Ошондой эле ал табигый кырсыктан жабыр тарткан айрым ишенимдештерибизге жекече көңүл буруп, кайраттандырган.

Жапониядагы ишенимдештерибиздей эле, биз да сүйүүсүн иш жүзүндө көрсөткөн жана Жахабанын камкордугун чагылдырган уюмдун мүчөсү экенибизге аябай ыраазыбыз (2 Корунттуктар 1:3, 4).

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон, 2018-жылы июлда Жапониянын чыгышын каптаган селден жапа чеккен Окаямадагы бир тууган менен