Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 13-СЕНТЯБРЬ
ЖАПОНИЯ

«Жеби» тайфуну Жапонияны бүлгүнгө учуратты

«Жеби» тайфуну Жапонияны бүлгүнгө учуратты

2018-жылдын 4-сентябрында, шейшемби күнү, катуу тайфун Жапониянын батыш жагынын таш-талканын чыгарды. Билдирүүлөргө ылайык, мындай тайфун өлкөдө 20 жылдан ашык убакыттан бери боло эле болчу. Бийликтегилер массалык түрдө эвакуация жүргүзүүнү буйруган. Күтүлгөндөй эле, тайфун чоң бүлгүнгө учуратып, адамдардын өмүрүн алып кетти.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жапониядагы филиалы билдиргендей, Жахабанын Күбөлөрүнүн эч кимиси каза болгон эмес. Бирок, бери дегенде, 15 бир тууган жаракат алган жана 538 үй талкаланган. Башында такталган маалыматка ылайык, 44 Падышалык залы зыянга учураган.

Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам бериш үчүн, анын ичинде үйлөрүн оңдоп, Кудайга болгон ишенимин бекемдеп-жубатыш үчүн Осака менен Сакаи шаарларындагы Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери биргеликте кызматташып жатышат.

Ишенимдештерибиздин башына түшкөн мүшкүлүн билип, дүйнө жүзүндөгү бир туугандар аркылуу колдоо көрсөтүп жатканы үчүн Жахаба Кудайга абдан ыраазыбыз (Забур 34:19).