Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 12-ИЮЛЬ
ЖАПОНИЯ

Батыш Жапонияны сел каптоодо

Батыш Жапонияны сел каптоодо

Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинде Батыш Жапонияны сел каптоодо. Бул кырсыктан, бери дегенде, 169 киши каза болуп, 255 000 үй суусуз калды.

Бактыга жараша, Жахабанын Күбөлөрүнүн бири да каза болгон жок. Бирок 200 ишенимдешибиз башка жакка көчүрүлгөн жана бир бир тууган жаракат алган. Ал ооруканага жаткырылган, учурда абалы канааттандырарлык. Бери дегенде эле, биздин бир туугандардын 103 үйү бузулуп, бир үй таптакыр талкаланып калган. Ошондой эле 11 Падышалык залын жана бир жыйындар залын суу каптап калган.

Жабыр тарткан ишенимдештерибизди сооротуп-жубатып, Ыйык Китепти колдонуп бекемдеш үчүн жана зарыл нерселер: тамак-аш, кийим-кечек, таза суу менен камсыз кылыш үчүн кырсык болгондо жардам берген төрт комитет түзүлгөн. Ал комитеттер тазалоо, дезинфекциялоо, бир туугандарыбыздын бузулган үйлөрүн оңдоп-түзөө иштерин да уюштурат.

Биз Жапониядагы кырсыкка кабылган бир туугандарыбыз үчүн тиленип жатабыз жана Иса пайгамбар күчүн колдонуп, табигый кырсыктарды биротоло жок кыла турган убакты чыдамсыздык менен күтүп келебиз (Матай 8:26, 27).

 

Көбүрөөк окуу