2017-ЖЫЛ, 20-ИЮЛЬ
ЖАПОНИЯ
Жапониянын Кюсю аралында нөшөрлөгөн жаан жаап, сел жүрдү
2017-жылдын 5-июлунда, шаршемби күнү, Жапониянын түштүгүндө «Нанмадол» тайфуну болгондон кийин, өлкөдө чоңдугу боюнча үчүнчү орунда турган Кюсю аралында мурун болуп көрбөгөндөй нөшөрлөгөн жаан жаады. Натыйжада сел жүрүп, жер көчкү болгондуктан, бийлик өкүлдөрү ошол аймакта жашаган 430 000ден ашуун кишини эвакуациялоого аргасыз болушту. 12 сааттан көбүрөөк убакыттын ичинде нөшөрлөп жааган жамгырдын өлчөмү 50 сантиметрге жетти. Акыркы билдирүүгө ылайык, каза болгондордун жалпы саны 34кө жетти. Бул кырсыктан Кюсю аралынын түндүк жагындагы Фукуока префектурасы көбүрөөк жабыркады.
Бактыга жараша, Жахабанын Күбөлөрүнүн эч кимиси каза болуп же катуу жаракат алган эмес. Бирок бир нечесинин үйү сел каптоонун айынан бүлгүнгө учураган. Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү жыйналыштары жапа чеккен ишенимдештерине жардамын көрсөтүп жатышат.
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000
Жапония: Итики Мацунага, тел: +81-46-233-0005