2018-ЖЫЛ, 28-СЕНТЯБРЬ
ЖАПОНИЯ
Жапониянын Хоккайдо аралында жер титирөө болду
2018-жылдын 6-сентябрында Жапониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралында кубаттуулугу 6,7 баллга жеткен жер титирөө болуп, 41 киши каза тапкан. Жер титирөөнүн айынан аралда электр жарыгы өчүп, коомдук транспорт жүрбөй, байланыш түйүндөрү үзүлүп калган.
Жапониядагы филиал ишенимдештерибизден эч ким каза болбогонун, бирок жети бир тууган жаракат алганын билдирген. Жалпы жонунан, Жахабанын Күбөлөрүнүн 100 үйү жана 4 Падышалык залы зыянга учураган.
Жер титирөө болгондон көп өтпөй филиалдын жетекчилиги алдында бир туугандар жабыр тарткан аймактардагы ишенимдештерибизди азык-түлүк, суу жана башка зарыл нерселер менен камсыз кылууга киришишкен. Оңдоо иштерин уюштуруу үчүн Кырсык болгондо жардам берүү комитети түзүлгөн.
Биз жер титирөөдөн жапа чеккен ишенимдештерибиздин жан дүйнөсүн тынчтандырышын сурап Жахабадан тиленип турабыз (Филипиликтер 4:6, 7).