26-ФЕВРАЛЬ, 2020
ИНДОНЕЗИЯ
Билим берүү боюнча кеңеш Жахабанын Күбөсү болгон эки өспүрүмдүн диний укугун коргоду
2020-жылдын 22-январында Индонезиянын Батам провинциясындагы билим берүү боюнча кеңеш Жахабанын Күбөсү болгон эки өспүрүмдүн, Даниэл Хутабарат менен Уилхилсон Сихотангдын, мектепке кайтып барышына буйрук берди. Ал эки жаш ишенимдешибиз диний көз карашынан улам желекке таазим кылуудан жана улуттук гимнди ырдоодон баш тартканы үчүн, 2019-жылдын 29-ноябрында мектептен чыгарылган болчу. Буйрук чыккандан кийин, 2020-жылдын 23-январында алар мектептеги окуусун кайрадан улантышкан.
Билим берүү боюнча кеңеш жагдайды карап чыккандан кийин жаш ишенимдештерибиздин мугалимдерди сыйлаарын жана өкмөткө баш иерин аныктаган. Анткени ал өспүрүмдөр тек гана Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийирине каршы келген ишке катышуудан баш тартышкан. Жахабанын Күбөлөрүнүн Индонезиядагы филиалында жалпыга маалымат берүү үстөлүндө кызмат кылган Иога Сулистионо: «Индонезиядагы Жахабанын Күбөлөрү ушундай чечим чыкканына жана дин тутуу укугубузду сыйлаган ал бийлик өкүлдөрүнө абдан ыраазы болуп жатышат»,— деген.
Ушундай чечим чыкканы үчүн баарынан да Улуу Насаатчыбыз Жахабага миң мертебе ыраазыбыз (Ышая 30:20).