14-ЯНВАРЬ, 2020
ИНДОНЕЗИЯ
Жакартаны суу каптоодо
2019-жылдын 31-декабрында Индонезиянын Жакарта шаарында нөшөрлөгөн жаан жаап, жамгыр суусу 38 сантиметрге чейин көтөрүлгөн. Ишенимдештерибиздин 100дөй үйүн сел алып кеткен. Ал үйлөрдүн айрымдарын суу бир жарым метрге чейин каптап калган.
Бир туугандарыбыздын эч кимиси жаракат алган же каза болгон эмес. Көптөрүнө үйлөрүн таштап убактылуу башка жакка кетүүгө туура келсе, кээ бирлери үйүндө калууга аргасыз болгон. Жыйналыштарды өткөрүү үчүн колдонулган айрым имараттар да анча-мынча зыянга учураган. Жергиликтүү аксакалдар жардам берүү иштерин уюштурушкан. Ошондой эле азык-түлүк, суу сыяктуу зарыл нерселердин жеткирилишине кам көрүшкөн. Райондук көзөмөлчүлөр болсо кырсыктан жабыр тарткандарга барып, Ыйык Китептен жубатарлык сөздөрдү окуп беришкен. Андан тышкары, кырсык болгондо жардам берүү боюнча эки комитет түзүлгөн. Алар дагы кандай жардам керектигин аныктоодо.
Мындай кырсык ишенимдештерибизге Жахабага сыйынууга тоскоолдук кыла алган жок. Зыян тарткан айрым үй-бүлөлөр иш күндөрүндөгү жолугушууларга барыш үчүн суу каптаган жерлерден өтүшкөн. Индонезиядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Даниель Пурномо мындай деген: «Жакартаны көп жылдардан бери мындай катуу сел каптай элек болчу. Ушундай оор кыйынчылыктар болуп жатса да, боордошторубуздун ишеними солгундаган жок. Тескерисинче, бири-бирине жөлөк болуп, сүйүүсүн иш жүзүндө көрсөтүүгө түрткү алып жатышат».
Жаратылыш кырсыктары болбой турган заманды баарыбыз эңсеп күтүп жатабыз (Марк 4:39).