2019-ЖЫЛ, 30-ОКТЯБРЬ
ИНДОНЕЗИЯ
Индонезиянын соту окуучулардын дин тутуу эркиндигин коргоодо
2019-жылдын 8-августунда Самариндадагы административдик сот желекке таазим кылуудан же улуттук гимнди ырдоодон баш тартканы үчүн мектептен чыгарылган үч баланын пайдасына чечим чыгарды. Сот балдардын мектептен чыгарылганы адилетсиздик болгонун жана алардын мектепке барууга укуктуу экенин билдирди. Бул чечим Индонезиядагы ата-энелер балдарына өздөрүнүн диний ишенимине ылайык тарбия берүүгө укуктуу экенин жана Жахабанын Күбөсү болгон ата-энеси үйрөткөндөй жашаганы үчүн балдар жазаланбашы керектигин ырастады.
7 жаштагы Йонатан, 10 жаштагы Йосуа жана 12 жаштагы Мария Тунбонаттар мектептен 2018-жылдын декабрында чыгарылган. Бирок административдик сот алардын желекке таазим кылуудан жана улуттук гимнди ырдоодон баш тартканы Конституцияны же кайсы бир мыйзамды бузганын билдирбей турганын айтты. Ошондой эле бул өлкөнүн каада-салттарын жана символдорун сыйлабагандыкка жатпаарын билдирди.
Биз соттун чечим чыгарууда балдардын диний ишенимин сыйлаганына жана аларга мектепке кайра барууга уруксат бергенине ыраазыбыз. Бул чечим Индонезиядагы мектепте ушундай кыйынчылыкка туш болгон башка жаш ишенимдештерибизге да пайда алып келет деп үмүттөнөбүз.