Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 12-ДЕКАБРЬ
ИНДОНЕЗИЯ

Индонезияда болгон катуу жер титирөө

Индонезияда болгон катуу жер титирөө

7-декабрда, шаршемби күнү, эртең менен Индонезиядагы Суматра аралынын түндүк жээгинде 6,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. 100дөн ашык киши каза болуп, жүздөгөн кишилер жаракат алган.

Жакартадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы ал жактагы ишенимдештеринин баары менен байланышканын жана эч кимиси каза болбогонун, жаракат албаганын билдирген. Андан тышкары, алардын сыйынуу жайлары да, үйлөрү да талкаланган эмес.

Жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү жер титирөөдөн жабыр тарткандарды жубатып, жардам көрсөтүүдө.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, +1-845-524-3000

Индонезия: Том Ван Лимпутен, +62-813-4527-1974