Мазмунун көрсөтүү

Курулуш жүрүп жаткан жердин үстүнөн көрүнүшү. Сүрөттүн жогору жагында оң бурчта кеңсе имараты, ылдый жагында төрт турак үйү көрсөтүлгөн

2019-ЖЫЛ, 22-МАРТ
КАМЕРУН

Жаңыртылган маалымат: Камерундагы филиалды куруу иши жакшы жүрүүдө

Жаңыртылган маалымат: Камерундагы филиалды куруу иши жакшы жүрүүдө

Бир жылдан бери Камерунда филиалды куруу иши жүрүүдө. Жогорудагы сүрөттө көрсөтүлгөндөй, төрт турак үйү жана кеңсе имараты жарым-жартылай бүтүп калды. Жаңы филиал 60 кишиге ылайыкташтырылган жана анда 71 иш орду болот. Иштин жүрүшүнөн айкын болгондой, филиал 2019-жылдын декабрында ишке киргизилет. Төмөндөгү сүрөт галереясынан эмнелер ишке ашырылганын көрө аласыңар.

Филиал бүткөндө кандай болору көрсөтүлгөн сүрөт

 

2018-жыл, июль: үчүнчү турак үйүнүн полуна бетон куюлуп жатат.

2018-жыл, август: аймакты курчай турган дубалдын пайдубалы тургузулууда.

2018-жыл, сентябрь: алдыңкы сүрөттө төртүнчү турак үйүнүн биринчи кабатынын дубалы тургузулуп калганы көрсөтүлгөн.

2018-жыл, октябрь: кеңсе имаратындагы кабылдаманын кире беришинин көрүнүшү.

2018-жыл, декабрь: экинчи жана үчүнчү турак үйлөрүнүн болоттон жасалган чатыры орнотулуп жатат.