Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 5-АВГУСТ
КАМЕРУН

Камерундагы Жахабанын Күбөлөрү Грек Жазмаларын баса тилинде чыгарышты

Камерундагы Жахабанын Күбөлөрү Грек Жазмаларын баса тилинде чыгарышты

2019-жылдын 2-августунда Камерундагы Дуала шаарында өткөн региондук жыйында Жахабанын Күбөлөрү Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» баса тилинде жарык көргөнүн кулактандырышты. Грек Жазмаларын баса тилинде чыгарыш үчүн котормочулар 18 ай эмгектенишкен. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти Камерундагы жергиликтүү элдин эне тилинде биринчи жолу чыгарып отурушат.

Грек Жазмаларынын жарык көргөнүн Камерундагы филиалдын комитетинин мүчөсү Питер Канниң бир тууган 2 015 киши чогулган Логбессоу жыйындар залындагы региондук жыйындын биринчи күнүндө кулактандырды.

Бул котормо чыкканга чейин баса тилинде сүйлөгөн бир туугандар түшүнүүгө аябай оор болгон, кымбат турган котормону колдонушчу. Грек Жазмаларын баса тилине которууга катышкан бир тууганыбыз: «Бул котормо жарчыларга Ыйык Китепте жазылгандарды оңой түшүнүүгө жардам берет. Ошондой эле Жахабага жана анын уюмуна болгон сүйүүсүн арттырат»,— деди.

Камерунда болжол менен 300 000 киши баса тилинде сүйлөйт. Ал эми Камерундагы филиалга караштуу аймакта баса тилинде сүйлөгөн 1 909 жарчы бар.

Биз так жана түшүнүктүү бул котормонун окурмандарга «Кудайдын сөзү тирүү» экенине ынанууга жардам берет деп ишенебиз (Еврейлер 4:12).