Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 26-ИЮНЬ
КАМЕРУН

Камерунда жаңы филиалды куруу иши башталды

Камерунда жаңы филиалды куруу иши башталды

Камерундун Дуала шаарындагы Бейтелде 50дөй Жахабанын Күбөсү толук убакыт кызматты аркалоодо. Жакында алар ишин жаңы филиалда улантышат, тактап айтканда, учурда шаардын Бонабери районунда жайгашкан кеңселер Логбессоу айылында курулуп жаткан жаңы имараттарга көчүрүлөт. Камерунда жаңы филиалды куруу ишине болгон муктаждык ал жактагы жарчылардын өсүп жатканын жана келечекте мындан да чоң өсүш боло берерин көрсөтүп турат. 2017-жылы өткөрүлгөн Иса Машаяктын өлгөн күнүнүн эскерүү кечесине 100 000ден ашуун киши келген. Бул ал жактагы жарчылардын санынан эки эсе көп дегенди билдирет.

Бир туугандар чагылгандан коргой турган зымдарды орнотуп жатышат

Филиал мурда курулган жыйындар залынын жанына курулат. Учурда пайдубал салынышы үчүн казуу иштери башталды. Филиалдын имараттары ошол аймактагы имараттардан айырмаланбагыдай жана макаланын башындагы сүрөттөгүдөй болуп долбоорлонот. Бейтел үй-бүлөсүнүн 2019-жылдын аяк ченинде көчүрүлөрү пландаштырылууда.

«Ышая пайгамбардыкындай рухту чагылдырып, өз ыктыяры менен жардам берип жаткан миңдеген бир туугандарыбызды көргөндө, жүрөгүң козголот экен»,— дейт Камерундагы Бейтелде жалпыга маалымат берүү үстөлүндө кызмат кылган Жил Мба (Ышая 6:8). Ал: «Көңүл толкуткан бул иш филиалда кызмат кылгандардын баарына дем-шык берүүдө. Жаңы кеңселерди өз максатына ылайык, Жахабанын ысмын даңктоо үчүн, колдонууга арнай турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз»,— деп кошумчалайт.

Филиалды куруу ишине кантип колдоо көрсөтө аларын билүү үчүн атайын өткөрүлгөн жолугушууга келген 2 800дөн ашуун бир туугандын айрымдары