Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 4-НОЯБРЬ
КАМЕРУН

Камерунда поезд кырсыкка учурады

Камерунда поезд кырсыкка учурады

2016-жылдын 21-октябрында, эртең менен, Дуала (Камерун) порттуу шаарын көздөй бараткан поезд борбор калаа Яундеден 120 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Эсека шаарчасынын жанынан рельстен чыгып кеткен. Кырсыктан 70тен көп киши каза таап, 600дөн ашык киши жаракат алган.

Ошол кырсыкка учурагандардын арасында 16 Жахабанын Күбөсү бар болчу. Кейиштүүсү, Дуаладагы жыйналышты жетектеген 65 жаштагы ишенимдешибиз каза болуп калган. Биз кырсыктан каза болгон ишенимдешибизди, жабыр тарткан бир туугандарыбыз менен алардын үй-бүлөлөрүн ойлоп кайгырып жатабыз.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, 1-718-560-5000

Камерун: Гиллес Мба, 237-6996-30727