Мазмунун көрсөтүү

14-АВГУСТ, 2020
ЛИВАН

Бейруттагы үрөй учурган жарылуу

Бейруттагы үрөй учурган жарылуу

2020-жылдын 4-августунда болгон кубаттуу жарылуу Ливандын баш калаасы Бейруттун кеме жайынын күлүн көккө сапырды. Көптөр мерт кетти, миңдегендер жаракат алды, абалы ансыз деле оор өлкө катуу соккуга учурады. Бир туугандарыбыздын эч кимиси каза болгон жок, бирок айрымдарынын үйлөрү талкаланып, бир нечеси оор жаракат алды.

Камкор Кудайыбыздын жапа чеккен кызматчыларын калтырбай турганына эч шектенбейбиз (2 Шемуел 22:3).