Мазмунун көрсөтүү

20-ИЮЛЬ, 2020
РУМЫНИЯ

Роднанын мэри жардамга келген ишенимдештерибизге ыраазычылык билдирди

Роднанын мэри жардамга келген ишенимдештерибизге ыраазычылык билдирди

2020-жылдын июнь айында нөшөрлөп төккөн жамгырдан кийин Румыниянын Трансильвания жергесиндеги Родна конушун сел каптап кеткен. Алты ишенимдешибиздин үйү зыянга учураган. 2020-жылдын 27-июнунда Роднаны кыдырган райондук көзөмөлчү жергиликтүү аксакалдар менен кызматташып, кошуна үч жыйналыштан жардамга 25 бир тууганыбыз жиберилген a. Жабыр тарткан ишенимдештерибизге ыкчам жардам көрсөтүлгөнүн көргөн ал жердин мэри кийинчерээк жергиликтүү каналдан аларды мактаган.

Родна конушу көп дарыя аккан өрөөндө жайгашкан. Катуу жаандан улам суу ташкындап, агып келген талкаланды, баткактын айынан конуштагылар дээрлик камалып калган. Бир туугандарыбыз ал жакта жашаган бир ишенимдешибизге жардамга барышса, сел жүргөндүктөн жол торолуп калыптыр. Анан алар адегенде ошол жерде тазалоо иштери менен алпурушуп жаткан Роднанын мэри жана кол алдындагы кишилерине кол кабыш кылышат.

Кийинчерээк жергиликтүү телеканалдан берген маегинде мэр бир туугандарыбызга ыраазы болуп калганын мындай деп билдирди: «Мени таасирленткен бир окуя жөнүндө айтып бергим келет... Табият кырсыгы болгон күндүн эртеси аймактын таш-талканын чыгарган ташкын суулар агызып келген талкаландылар менен баткакты тазалап жатып, шайыбыз оогондон бүтпөй калдык. Эртеси күнү болсо... жардамга 30дан ашык ыктыярчы, Жахабанын Күбөлөрү келди. Ошол күнү кечинде бүт иштерди соңуна чыгардык». Анан мындай деп кошумчалады: «Бул кишилер аймактагы тиричиликти мурунку нукка салганга жардам беришти. Баарына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем!».

Андан сырткары, сайтка бир туугандарыбызга арнап мындай каалоо-тилегин жазды: «Жогорудагы Жахаба баарыңарга батасын төгүп, узун өмүр, чың ден соолук берсин, албан-албан ийгиликтерге жеткирсин».

Румынияда болгон бул окуя жакшы жүрүм-турумубуз асмандагы Атабыз Жахабага даңк алып келерин дагы бир жолу тастыктады (1 Петир 2:12).

a Пандемиядан улам курулуш иштеринин көбү токтотулса да, зыянга учураган айрым үйлөрдү дароо оңдош керек болду.